Дүйнөдөгү эң коркунучтуу жырткыч аныкталды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүЖолборстун таманы. Архив
Жолборстун таманы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар изилдөө жүргүзүп, кургакта арстан менен карышкырдан, ал эми сууда акула менен касаткадан азуулуу, канкор жырткычты аныктап чыгышты.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Канаданын Виктория университетинин илимпоздору дүйнөнүн коркунучтуу жырткычтарынын тизмесин түзүшкөнүн Science илимий журналы маалымдайт.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында планетанын кооптуу жана канкор жырткычы деп адам баласы табылган. Ал кургакта арстан менен карышкырдан, ал эми сууда акула менен касаткадан азуулуу, айла-амалдуу келет экен. 

Жапайы, бирок сүйкүмдүү мышык. Жолборсту сактоонун эл аралык күнүнө карата
Окумуштуулардын изилдөөсү адам суу жырткычтарына караганда 14 эсе көп балык кармап, кургактагы жырткычтарга салыштырмалуу 9 эсеге көп жаныбарларды өлтүрөрүн көрсөттү. 

Мындан тышкары, кургактагы жана суудагы эки миң жандыкка изилдөө жүргүзүп, адамдын аң уулап, балык кармоосу аалам табиятына да терс таасир тийгизери аныкталган.

Изилдөөнүн жетекчиси профессор Крис Даримонттун айтымында, адам өзүнүн баскан-турганы менен табияттын көптөгөн мыйзамдарын бузат. Мисалы, жырткычтар жаш, оорулуу же жарадар жаныбарларга кол салса, адам баралына келген жаныбарларды өлтүрүүгө маш. Профессор бул жаныбарлар алардын көбөйүшү үчүн чоң мааниге ээ экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0