"Бийлеп жаткан токойду" реконструкциялоо "Куршск тилкеси" улуттук паркында башталды

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүКуршск тилкеси. Архив
Куршск тилкеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куршск тилкеси өзүнүн бөтөнчө табигый ландшафттары үчүн ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Ал жердеги "Бийлеп жаткан токойдо" бир нече миң кызыл карагай белгисиз себептер менен бөтөнчө бир ийилген түрдө өсүп калган.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Эң белгилүү туристтик багыттардын бири болгон, бактары белгисиз себептер менен укмуштуу түрдө өсүп калган "Бийлеп жаткан токойду" кайра калыбына келтирүү Калининград облусундагы "Куршск тилкеси" улуттук паркында башталганын парктын маалымат кызматы билдирет.

Куршск тилкеси — Балтика деңизи менен Куршск булуңунун ортосундагы ичке кургак жер тилкеси. Анын узундугу 98 чакырымды түзүп, негизинен кумдан турат. Куршск тилкеси өзүнүн бөтөнчө табигый ландшафттары үчүн ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Тилке Литва менен чектешкен жана Россиянын эң кичинекей улуттук паркы болуп эсептелет.

"150 метр жыгач төшөмдөр салынды, иш сентябрдын аягында бүтөт, ага чейин дагы 450 метрге жакын жер төшөлүшү керек. Бул төшөмдөр жер кыртышын өтө ашыкча антропогендик күч келтирүүдөн сакташы керек. Бул аймак көтөрө ала турган эң көп жүк күнүнө 300 гана адамга барабар. Жайкысын бул жакка келгендердин саны мындан бир топ ашып кетет", — дешет парктын адистери. 

Петроглифы урочища Саймалуу-Таш - Sputnik Кыргызстан
Ачык асман алдындагы табышмактуу Саймалуу-Таш
Туристтер атайын төшөмдөрдөн четтеп чыгып кеткенде "Бийлеп жаткан токойго" өтө чоң зыян келтирилет. Себеби алар жер кыртышын таптап, дарактарга чыгып кетишет. Бирок ал жер оңдоо мезгилинде жабылбай турганын билдиришти парктын кызматкерлери.

"Бийлеп жаткан токойдун" узундугу 800 метрге жеткен жөө басып өтүүчү бөлүгү көрүүчүлөр үчүн 2006-жылы ачылган. Токойдогу миңдеген карагайлардын дээрлик бардыгы ийилип, эки ачаланып, ал тургай, шакектей болуп буралып өсүп калган. Адатта түптүз болуп өсө турган кызыл карайгайлардын мындай көрүнүшүнө эмне себеп болгону азыркыга чейин табышмак. Айрым божомолдоолор боюнча, буга геомагниттик талаалар, катуу бороон-чапкын себеп болгон же жаңы өсүп келе жаткан карагайларга кайсы бир курттун түрү доо кетирген болушу ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0