Абу_даби шаары. Архив

Араб мамлекеттеринин падышалары Кыргызстанды Эгемендик күнү менен куттукташты

32
(жаңыланган 12:01 31.08.2015)
Президент Алмазбек Атамбаевге бакыт жана бекем ден соолук, ал эми Кыргызстандын элине өнүгүүнү каалашты.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Араб мамлекеттеринин башчылары президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Эгемендик майрамы менен куттуктаганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирет. 

Сауд Аравиясынын падышасы Салман бин Абделазиз Аль-Сауд, Марокконун падышасы Мухаммед VI жана Омандын султаны Кабус бин Саид президент Алмазбек Атамбаевге бакыт жана бекем ден соолук, ал эми Кыргызстандын элине өнүгүүнү каалашты.

Мындан тышкары, лидерлердин куттуктоосунда мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү тилеги айтылган.

32
Белгилер:
куттуктоо, Кыргызстан, Марокко, Оман, Сауд Аравиясы
Тема:
Кыргызстандын көз карандысыздык күнү (30)
Тема боюнча
Рахмон Кыргызстан менен достук мамиленин өнүгүшүн каалады
Париждеги глобалдык коопсуздук жөнүндөгү мыйзам долбоорго каршы митинг

Унаалар өрттөлүп, ок атылды. Франциядагы башаламандыктын видеосу

70
(жаңыланган 00:15 29.11.2020)
Каршылык акциясынын катышуучулары полиция кызматкерлерин көздөй петарда жана бөтөлкө ыргытып жаткан видео тарады. Мындай көрүнүш акция башталгандан 1,5 саат өткөндөн кийин болгон.

БИШКЕК, 28-ноя. – Sputnik. Париждеги (Франция) тынчтык митингинде башаламандык жаралып, демонстранттар менен полиция кагыша кетти. Бул тууралуу Russia Today агенттигинин Telegram-каналына жарыяланды.

Жарандар глобалдык коопсуздук жөнүндөгү мыйзам долбоорго каршы митингге чыгышкан. Андагы пунктулардын бирине ылайык, физикалык жана психикалык жактан зыян келтирүү максатында полиция адамынын сүрөтүн же идентификациялоонун кайсы бир элементин жайылткандарга бир жыл абакта отуруу жана 45 миң евро айып пул салынат.

Акцияга жарандардан сырткары ЖМК өкүлдөрү, адвокаттар жана бир нече парламентарийлер катышкан.

Кийинчерээк каршылык акциясынын катышуучулары полиция кызматкерлерин көздөй петарда жана бөтөлкө ыргытып жаткан видео тарады. Мындай көрүнүш акция башталгандан 1,5 саат өткөндөн кийин болгон.

Андан соң митингчилер менен укук коргоочулар кагыша кеткен.

Башаламандык учурунда бир нече унаа жана мотоцикл өрттөлгөн.

Көчөлөрдөн кулак тундуруучу гранаталардын үнү угулуп турган.

Маалыматка караганда, демонстранттардын айрымдары дүкөндөрдүн витриналарын жана унааларды талкалашкан.

70
Белгилер:
Митинг, башаламандык, Франция
Тема боюнча
Нарышкин: Россиянын Тышкы чалгын кызматы үчүн ЦРУ башкы атаандаш

Тынчтыкка карай... Россия Тоолуу Карабахка кандай жардам берип жатат

155
Өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах республикасынын жашоочулары согуштан кийин акырындык менен үйлөрүнө кайта баштады. Аларга россиялык тынчтык орнотуучулар менен ӨКМ куткаруучулары жардам берүүдө.

Аскер инженерлери согуш учурунда талкаланган аймакта байланыш каражаттары менен инфраструктураны калыбына келтирүүгө жардам берүүдө. Ошондой эле жол кыймылы калыбына келип, борбор калаада коомдук транспорт каттай баштады.

Адистер мурда согуш талаасы болгон аймактын ар бир метринен жарылуучу заттарды издеп, учурда 2 гектар аймак менен 3 чакырым жолду тыкыр карап чыгышты. Көптөгөн жарандык жана социалдык объектилер текшерилди.

155
Белгилер:
жашоо, эл, тынчтык, Тоолуу Карабах, Россия
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал
Тема боюнча
Кадам сайын жарылбасын! Карабахтагы миналарды зыянсыздандыруу аракеттери
Карабахтагы сириялык туркомандар: согушууга барышканбы же жайгашуугабы?