Кыргыз аскерлери машыгуу үчүн Россияга кетишти

Кыргыз аскерлери машыгуу үчүн Россияга кетишти

1 / 3
58
(жаңыланган 14:17 02.09.2015)
Күжүрмөн атууларды жүргүзүү үчүн кыргыз бөлүкчөлөрүнө жаңы "Печора 2-М" зениттик-ракеталык комплекси берилет, алар РФдин адистеринин жетекчилиги алдында окуп-үйрөнүшүп, андан соң атууга даярданууну, атууларды жүргүзүүнү жана жайылтууну ишке ашырышат.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Куралдуу Күчтөрдүн аскердик контингенти КМШнын Абадан кол салуудан коргоо (АКК) боюнча бириккен тутумуна кирген бөлүктөр менен тактикалык "Күжүрмөн шериктештик-2015" машыгуусуна катышуу үчүн Россиянын Астрахань облусуна жөнөп кеткенин Башкы штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, машыгуу 1-11-сентябрь күндөрү "Ашулук" полигонунда Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан мамлекеттеринин абадан коргоочу авиациясынын катышуусунда өтөт.

Кыргызстандан машыгууга Куралдуу күчтөрдүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн ыкчам тобу жана 97632-аскер бөлүгүнүн күжүрмөн бөлүктөлөрү тартылган. Алар аба мейкиндигиндеги шарттуу душмандын чабуулуна каршылык көрсөтүү  менен машыгышат.

Маневрлардын жүрүшүндө С-400 "Триумф" жана С-300 "Фаворит" зениттик-ракеталык тутумунун бөлүкчөлөрү, ошондой эле МиГ-29, Су-24, Су-34, Су-27, Су-30, Су-25, МиГ-31, Ту-22 учактары жана Ми-8 АМТШ "Терминатор" тик учагы пайдаланылат. 

Машыгуунун программасына зениттик-ракеталык тутум менен комплекстерди күжүрмөн атууларга даярдоо жана атууларды жүргүзүү, ракеталарды учуруу, бомба ыргытуу, аба буталарын тосуу жана асман мейкиндигиндеги уруштар камтылган. Күжүрмөн атууларды жүргүзүү үчүн кыргыз бөлүкчөлөрүнө жаңы "Печора 2-М" зениттик-ракеталык комплекси берилет, алар РФдин адистеринин жетекчилиги алдында окуп-үйрөнүшүп, андан соң атууга даярданып,  атууларды жүргүзүп, жайылтышат. 

Кыргыз аскерлери "Ашулук" полигонуна россиялык "Кант" авиабазасынын аба транспорту менен учуп кетишти.

58
Белгилер:
полигон, Аскер, машыгуу, Кыргызстан, Россия, КМШ