Сууга чөгүп кеткен сириялык баланын атасы: баары менин көз алдымда болду

© REUTERS / HANDOUTШаршембиде Түркиянын Бодрум шаарындагы курорттун жээгине деңиз суусу эки жашар Айлан Курдинин жансыз денесин жээкке чыгарып койгон.
Шаршембиде Түркиянын Бодрум шаарындагы курорттун жээгине деңиз суусу эки жашар Айлан Курдинин жансыз денесин жээкке чыгарып койгон. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абдуллах Курди Европадан орун-очок алып, өз үй-бүлөсү үчүн жакшы шарт түзүп бере алам деп ойлогон. Эми ал деңизди жектеп, балдарынын сууга чөгүп бара жатканы көз алдынан кетпей турат.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Сириялык качкын, Грецияга жетем деп баратып, бүтүндөй үй-бүлөсүн жоготкон Абдуллах Курди Sputnik Türkiye маалымат агенттиги менен өз кайгысын бөлүшкөн.

Шаршембиде Түркиянын Бодрум шаарындагы курорттун жээгине деңиз суусу эки жашар Айлан Курдинин жансыз денесин жээкке чыгарып койгон. Сириялык баланын өлгөн сүрөтү интернетте пайда болуп, дүйнө коомчулугун дүрбөлөңгө салды. 

© REUTERS / HANDOUTСириялык качкын, Грецияга жетем деп баратып, бүтүндөй үй-бүлөсүн жоготкон Абдуллах Курди
1/2
Сириялык качкын, Грецияга жетем деп баратып, бүтүндөй үй-бүлөсүн жоготкон Абдуллах Курди
© REUTERS / BEN NELMSШаршембиде Түркиянын Бодрум шаарындагы курорттун жээгине деңиз суусу эки жашар Айлан Курдинин жансыз денесин жээкке чыгарып койгон.
2/2
Шаршембиде Түркиянын Бодрум шаарындагы курорттун жээгине деңиз суусу эки жашар Айлан Курдинин жансыз денесин жээкке чыгарып койгон.
1/2
Сириялык качкын, Грецияга жетем деп баратып, бүтүндөй үй-бүлөсүн жоготкон Абдуллах Курди
2/2
Шаршембиде Түркиянын Бодрум шаарындагы курорттун жээгине деңиз суусу эки жашар Айлан Курдинин жансыз денесин жээкке чыгарып койгон.

Баланын атасынын айтымында, ал үй-бүлөсү менен 2012-жылга чейин Сириянын Шам провинциясында жашаган, бирок согуш башталганда өлкөнүн түндүгүнө, Кобаниге көчүп келишкен. Үй-бүлөсүн ал жакка таштап коюп, өзү акча табыш үчүн Түркияга келген экен.

"Стамбулда курулушта иштедим, бирок согушкерлер Кобани шаарына чабуул коё баштаганын укканда, үй-бүлөмдү Стамбулга алып келгем", — дейт Курди.

Ал өзү иштегенине карабай, жашоо кыйын болчу дейт. Бир тууганы Канадада, эжеси Швейцарияда иштейт экен.

"Эжем бизди Европага чакырган. Ошол үчүн эмнеси болсо да ал жакка кетели дегенбиз", — дейт качкын.

Курди качкындарды ташып жүргөн бир контрабандистти тапканын айтат. Ал Курдиге Грецияга жеткенге жардам берем деп убада кылып, кызматы үчүн 1200 доллар алган экен. Контрабандист анын үй-бүлөсүн Бодрумдун көп көзгө илинбеген булуңдарынын бирине жеткирет.

"Түн ортосуна жакын мен үй-бүлөм жана дагы өзүмө окшогон 13 киши менен кайыкка отурдук. Деңиз жээгинде бизден башка эч ким жок болчу, биз жакшы жашоону беттей жөнөдүк. Кокустан пайда болгон толкун кайыкты чайпай баштады", — дейт качкын.

Контрабандист кайык оодарылганга чейин андан секирип кеткенге үлгүргөнүн айтат Курди.

"Кайык көңтөрүлгөндө баарыбыз толкуган деңизде калдык. Мен уулдарымды сактап калганга аракет кылдым, бирок колумдан келген жок. Баары менин көз алдымда чөгүп кетишти", — дейт кайгыга муунган ата.

Дагы беш адам, анын ичинде эки кенедей бала чөгүп кеткенин, сууда сүзгөндү билген сегиз гана адам аман калганын ал кошумчалады

"3,5 сааттан ашык сууда болдум, анан мени куткаруучулар таап алышты", — деди Курди. 

Анын айтымында, ал үй-бүлөсүн жерге берип, алардын жанында калыш үчүн Кобаниге кайтып барат.

"Мен өз уулдарым Айланды, Галипти жана аялымды аябай жакшы көрчүмүн. Европада орун-очок алып, өз үй-бүлөм үчүн жакшы шарт түзүп бере алам деп ойлогом. Эми ал деңизди жек көрөм, көз алдымда балдарымдын сууга чөгүп бара жатканы кетпей турат", — деди Курди.

Качкын дүйнөнүн бардык өлкөлөрүн мыйзамсыз мигранттардын өлүмүнө жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүүгө чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0