Окумуштуулар мышыктардын адамга итчелик берилбей тургандыгын далилдеп чыгышты

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународная выставка кошек
Международная выставка кошек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым изилөөчүлөрдүн жасаган тажрыйба жыйынтыктарына жана деги эле кенен тараган пикирлерге карабай, мышык өз ээсине анча деле үйүр албастыгын Бириккен падышалыктын психологдору көрсөтүштү. Бул жандык өз коопсуздугу жана азык жагынан да ээлеринен көз карандылыкты сезбейт, а түгүл, бейтааныш кырдаалдарда да өзүн эркин алып жүрөт экен.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Мышыктар чынында эле адамга итчелик катуу үйүр алып, жакын болбостугун жана коопсуздук, азык жагынан андан өзүн көз каранды сезбей турганын британиялык психологдор PLoS One журналында жарык көргөн макаласында жазышкан.

"Айрым бир мезгилден бери мышыктар иттен популярдуу болуп кетти, себеби аларды көп убактысын жумушта өткөрүүчү адамдар үчүн үйдө кармаганга иттен ыңгайлуураак деп эсептешет. Айрым изилдөөлөр болсо ээси калтырып кеткен мышыктар аларды сагынып, тынчы кетет турганын да көрсөткөн. Бирок биздин тажрыйбалар баары тескерисинче экенин далилдеди. Биз тынчы кетип жатат дегенибиз чынында алардын жөн гана нааразылыгы экен", — дейт Дэниел Миллс (Daniel Mills) Линкольн университетинен (Улуу Британия).

Миллс жана анын кесиптеши Элис Поттер (Alice Potter) мышыктар чынында эле өзү менен өзү жүрө бере турганын жана ээсине дээрлик үйүр албастан, өз алдынча күн көрө турганын көрсөтүштү. Бул үчүн алар мурдатан психологдор кичине балдар жана иттер менен иш алып барууда колдонуучу бөтөнчө ыкма менен тест жүргүзүшкөн. "Эйнсворттун таң каларлык кырдаалы" деп аталган бул өтө жөнөкөй ыкмага ылайык, окумуштуулар итти, мышыкты же баланы бейтааныш жайга жайгаштырып, ал жерге баланын ата-энесин же жаныбарлардын ээсин, болбосо, бир чоочун кишини кошо киргизишет. Бир аздан соң экспериментчилер бөлмөдөн чоң кишини чыгарып кетип, анан кайра алып келишет.

Адатта мындай кырдаалга туш болгон кичине бала же ит тынчсызданып, стресске кабылып, ата-энесин же ээсин коркунучтан сактап кала турган жөлөк-таяк сезишет. Ошондуктан ээсинин же ата-энесинин кокустан эле жок болуп, кайра келип калышы тажрыйба алдындагыларда кошумча сезимдерди пайда кылып, жакын адамын жандап, ага үйүр экенин көрсөтүүгө мажбурлайт.

Эйнсворттун ыкмасын мышыктарга карата колдонгонгон Миллс менен Поттер бул жандык ээсинин жоголуп кеткенине эч маани бербестигин жана өзүнө тааныш адам менен чоочун кишини эч айырмалабастыгын көрүшкөн.

"Биздин мышыктар чоочун кишини эмес, өз ээсин көргөндө көбүрөөк мыёлогонуна карабай, ээсин коркунучтан калканыч катары сезет дегидей ага эч шынаарлап барган жок", — дейт алар.

Окумуштуулардын божомолунда, мыёлоо жөн гана нааразылыгы же шарттуу рефлекс болушу мүмкүн. Түшүнүксүз кырдаалда бала же ит өз кишисине жакыныраак келүүгө аракет кылса, мышыктар анткен жок деп бүтүм чыгарышкан алар.

Жаңылыктар түрмөгү
0