Космоско жеткирилген курут, даамы өзгөргөн виски

© NASAЭл аралык космос станциясы. Архив
Эл аралык космос станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вискинин даамы орбитада өзгөрө турганын аныктоо максатында, ал эми курутту космонавттар ооз тийиш үчүн космоско алып чыгышкан.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Эл аралык космос станциясына алынып келген харчо, улуттук быштактын түрлөрү — курут менен иремшик эл аралык экипажга абдан жакканын түз теле байланыш учурунда Казакстандын биринчи космонавты Айдын Аимбетов билдирди. Ал эми виски илимий изилдөө максатында жеткирилген. 

"Мен ала келген казак тамактарын балдар татып көрүп, жактырышты. Айрыкча, баарына харчо, курут жана иремшик жакты", — деди ал Учууларды башкаруу борборунан журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып. 

Япон астронавты Кимия Юи болсо эл аралык космос станциясына белгилүү япон вискиси жеткирилгенин билдирди. 

"Ооба, виски бул жерде бир канча убакыт турду. Албетте, биз аны ичип көргөн жокпуз, биздин тапшырма орбитада анын даамы кандай өзгөрө турганын аныктоо болчу", — деди астронавт.

Виски кийинчерээк кайра Жерге жеткирилип, аны адистер даамдап көргөн. Күчтүү спирт ичимдигинин даамы орбитада өзгөрүп калганы аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0