Норвегия "Ислам мамлекетиндеги" жаранын акча төлөп куткарып алуудан баш тартты

© AFP / TAUSEEF MUSTAFAИслам мамлекетинин желегин кармаган адам. Архив
Ислам мамлекетинин желегин кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Эрна Солбергдин сөзүнө караганда, бир ирет акча төлөп куткарып алуу өлкөнүн башка жарандарын уурдалып кетүү коркунучуна дуушар кылат. Ушундай коркунучту жаратпаш үчүн ал Норвегия өлкөсү террорчулардын талаптарын аткарбай турганын билдирди.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Норвегия өкмөтү "Ислам мамлекети" террордук тобу январь айында Сирияда уурдап кеткен жаранын бошотуп алыш үчүн акча төлөп бербейт. Бул туурасында премьер-министр Эрна Солберг шаршемби күнү Рейтер агенттигине билдирди. 

"Биз террорчулар менен кылмышкерлердин жетегинде калбайбыз. Норвегия акча төлөбөйт", — деп билдирди өкмөт башчы Солберг. 

Ал бир ирет акча төлөп куткарып алуу өлкөнүн башка жарандарын уурдалып кетүү коркунучуна кабылтарын  кошумчалады.

Солберг барымтага алынган норвегиялыкты бошотуп алуу үчүн өкмөттүн алдында кризистик топ түзүлгөндүгүн маалымдады. 

"Максатыбыз — мекендешибизди үйүнө кайтаруу", — деди өкмөт башчысы.

"Ислам мамлекетинин" согушкерлери шаршемби күнү барымтага алынган, сары түстүү кенен кийимчен эки эркек кишинин сүрөтүн жарыялаган. Бири Оле Йохан Гримсгорд-Офстад Норвегия жараны, экинчиси Фан Цзинхуэй Кытай жараны экендигин белгилүү болгон. Согушкерлер алардын башын бошотуу үчүн аталган өлкөлөрдөн акча талап кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0