Apple компаниясы Москванын талабына макул болду

© Sputnik / Елена Нагорных / Медиабанкка өтүүАмериканын Apple компаниясынын магазини. Архив
Американын Apple компаниясынын магазини. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Apple компаниясы Россиядагы колдонуучулар тууралуу маалыматты Москвадагы IXcelerate компаниясынын серверлеринде сактоо жөнүндө макулдашканын бир катар ЖМКлар жазып чыкты.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Американын Apple компаниясы Москванын талабына көнүп, россиялык колдонуучулар тууралуу маалыматты өлкө аймагындагы серверлерге сактоого макулдугун бергенин бир катар ЖМКлар азып чыкты.

Маалыматтарга ылайык, Apple компаниясы Россиядагы колдонуучулар тууралуу маалыматты Москвадагы IXcelerate компаниясынын серверлеринде сактайт. Азырынча Apple жана IXcelerate компаниялары эч кандай комментарий бере элек.

ШКУ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ШКУ өлкөлөрүнүн алдыңкы маалымат каражаттарынын жетекчилери Москвада форумга чогулат
Чет элдик интернет компаниялардын россиялык колдонуучулар жөнүндө маалыматты өлкө аймагында сактоосу талап кылынган мыйзам 1-сентябрдан тарта күчүнө кирген. Буга баш ийбеген компанияларга жана интернет сайттарга карата Роскомнадзор тийиштүү чараларды көрүп, алардын сайттары жабыла турганын эскерткен.

Алгач бул мыйзам 2015-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирмек, бирок депутаттар аны 1-сентябрга калтырышкан.

Чет элдик компаниялардын ичинен колдонуучулар жөнүндө маалыматтарын Россияда сактоого биринчилердин болуп америкалык eBay компаниясы макулдугун берген. Ошондой эле, booking.com, Uber компаниялары да макул болгон.

Учурда Facebook компаниясы да россиялык колдонуучулар тууралуу маалыматтарын жергиликтүү серверлерде сактоонун жол-жобосун караштырып жатканын россиянын бир катар ЖМКлары маалымдашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0