АКШнын чалгындоо кызматы Ирак менен Сириянын кыйрашын болжоп айтууда

© AFP / JIM WATSONБорбордук чалгындоо борборунун директору Жон Бреннан. Архив
Борбордук чалгындоо борборунун директору Жон Бреннан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ирак менен Сириянын өкмөттөрү "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу түзгөн халифаттын аймагында мамлекеттик чек араларды колдорунан чыгарып жиберди деген оюн Борбордук чалгындоо борборунун директору Жон Бреннан билдирди.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. АКШнын чалгындоо кызматтарынын жетекчилери Сирия менен Ирак жоюлуп кетиши мүмкүн деген божомолдорун айтууда. 

"Келечекте Сирия экиге же үчкө бөлүнүп кетиши мүмкүн деп болжой алам", — деген АКШнын Коргоо министрлигинин чалгындоо башкармалыгынын жетекчиси генерал-лейтенант Винсент Стюарттын сөздөрүн Ассошиэйтед Пресс агенттиги жазды. Ал тармактык конференцияда сүйлөп жатып азыркы учурдагы абал дал ушундай натыйжага алып келерин, бирок бул АКШнын максаты эместигин белгилеген.

Борбордук чалгындоо башкармалыгынын директору Жон Бреннан болсо ошол эле конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Ирак менен Сириянын өкмөттөрү "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун халифат жайгашкан аймакта мамлекеттик чек араларды көзөмөлдөй албай калды деген оюн айткан.

"Жакынкы Чыгыш он же жыйырма жылда такыр өзгөрүп, азыркыдан башка абалга келет деп ойлойм", — деди ал.

Лавров менен Керри келерки жумада Сирия көйгөйүн талкуулашат
Ирак менен Сирия аймактык жактан жасалма жол менен жаралган өлкөлөр болуп эсептелет. Аларды Биринчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин Осмон падышалыгынын кыйрандыларында британиялык жана француз дипломаттары түзгөн. Эки өлкөдө тең сунниттер, шейиттер жана курддар жашайт. Ирактын өкмөтүндө шейиттер басымдуулук кылат, Сириянын өкмөтү болсо негизинен шейиттерге жакын эсептелген алавиттерден турат. Багдад менен Дамаск "Ислам мамлекетиндеги" суннит фундаменталисттерине каршы күрөшүп келет.

"Ислам мамлекети" террористтик тобу бүгүнкү күндө дүйнөнүн башкы коркунучтарынын бири болуп эсептелет. Үч жыл ичинде террористтер Ирак менен Сириянын көпчүлүк жерлерин басып алышкан. Ошондой эле алар өз таасирин Түндүк Африкада, тагыраак айтканда, Ливияда жайылтуу аракетин көрүп жатат. Ар кайсы маалыматтарга ылайык, алар өзүнө каратып алган жерлердин жалпы көлөмү 90 миң чарчы чакырымга жетет жана ал аймактарда согушкерлер халифат жарыялап, өз мыйзамдарын жана бийлигин орноткон. Экстремисттик уюмга мүчөлөрдүн саны ар кандай баалоолор боюнча 50 миңден 200 миңге жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0