Японияда куткаруу иштерине алты миң киши катышууда

© REUTERS / ISSEI KATO"Этау" куюнунан Японияны суу каптаган аймактары.
Этау куюнунан Японияны суу каптаган аймактары. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өзгөчө коопчулук" тартиби Ибараки, Тотиги жана Мияги префектураларында киргизилди. Мындай тартип бир нече ондогон жылда бир болуучу жана адам өлүмүнө алып келүүчү табигый кырсык учурунда киргизилет.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Япониянын суу каптаган аймактарында куткаруу иштерине 5,8 миң полиция кызматкерлери, өрт өчүрүүчүлөр жана жеке коргонуу күчтөрүнүн кызматкерлери катышып жатканын өкмөттүн башкы катчысы Ёсихидэ Суга Токиодо маалымат жыйынында билдирди.

"Өкмөт үчүн башкы милдет адамдардын өмүрүн сактап калуу. Кечээтен бери куткаруу иштерин 5800 миң полиция кызматкерлери, өрт өчүрүүчүлөр жана жеке коргонуу күчтөрүнүн кызматкерлери жүргүзүп жатат, буга 50 тик учак да тартылган", — деди Суга.

Хонсю аралынын чыгыш жээгинде катуу нөшөрдөн пайда болгон суу каптоо үч адамдын өмүрүн алып, дагы 26 киши дайынсыз калууда. 

Кыргызстандык жаран Тбилисидеги суу каптоо жөнүндө: эшикке чыккандан корктук
Бейшембиде "өзгөчө коопчулук" тартиби Ибараки, Тотиги жана Мияги префектураларында киргизилди. Мындай тартип бир нече ондогон жылда бир болуучу жана адам өлүмүнө алып келүүчү табигый кырсык учурунда киргизилет. Ибараки жана Тотиги префектураларында эки күн ичинде 300 — 600 миллиметр жаамгыр жааган.

Ибаракинин Дзёсо шаарында бейшемби күнү жаан-чачындан улам Кинугава дарыясында дамба жарылып, 32 чарчы чакырым аянт суу астында калган жана 6,9 миң үйгө зыян келтирилген. Мияги префектурасынын Осаки шаарында жума күнү дамба кыйрап, азыр куткаруу иштери жүрүп жатат. Элдерди үйлөмө кайыктар менен алып чыгышууда. 

Мындай катуу нөшөргө "Этау" куюну Япон деңизинде пайда кылган атмосфералык басымдын төмөндүгү жана Хонсю аралынын чыгыш жээгиндеги "Кило" куюнунун таасири себеп болду. Азыр атмосфералык фронт Тынч океанын бойлой түндүктү карай, Япониянын негизги аралы Хонсю тарапка жылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0