ЖМК: Меккеде кулаган кран Усама бен Ладендин үй-бүлөсүнө таандык

© AFP / STRМеккедеги Аль-Харам мечитинде кулаган кран. Архив
Меккедеги Аль-Харам мечитинде кулаган кран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
107 зыяратчынын өлүмүнө алып келген мечиттеги кырсык жума күнү болгон. 238 адам ар кандай жаракат алган.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Меккеде кулаган кран эл аралык "Аль-Каида" террористтик тобунун жок кылынган жетекчиси Усама бен Ладендин үй-бүлөсүнө таандык экенин Daily Mail британиялык басылмасы жазып чыкты.

Дүйнөдөгү ири мечиттердин бири Аль-Харамда 11-сентябрь күнү кран кулап, 107 адам каза болуп, 238и жаракат алган. Кран зыяратчылар намаз окуп бүтүп, короодон өтүп жаткан учурда алардын үстүнө кулаган. Кырсыктын себебин начар аба ырайына байланыштырышууда. Расмий маалымат боюнча, кырсыктан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Муфтият: Аль-Харам мечитиндеги кырсыкка кыргызстандыктар кабылган жок
Басылманын маалыматына ылайык, кран бир нече курулуш фирмаларынын башын бириктирип турган Saudi BinLaden Group компаниясына таандык. Аталган ишкананы 1931-жылы Усама бен Ладендин атасы Мохаммед бен Ладен негиздеген. Saudi BinLaden Group компаниясы Сауд Аравиясында бир катар долбоорлорду аткарууга келишимдерди түзгөн.

Мындай ири келишимдердин бири болуп Аль-Харам мечитинин аянтын кеңейтүү долбоору эсептелет. 14 миллиард долларлык келишимдин негизинде оңдоо иштеринен кийин аталган мечит бир эле убакта 2,2 миллион адамды батыруусу каралган. 

Чет элдик басылмада аты-жөнү белгисиз бойдон калуусун каалаган курулуштун инженери мында эч кандай техникалык мүчүлүштүктөр болбогонун, кран табияттын ар кандай аба-ырайына туруштук бергидей орнотулганын белгилеген.

"Курулуш иштерине жоопкер инженер "кырсык Алланын эрки менен болгонун билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Быйыл Кыргызстандан кечээги аба каттамын кошкондо Сауд Аравиясына Кыргызстандан 3685 зыяратчы учуп кетти. Алар 15-октябрга чейин кайра кайтып келишмекчи.

Аль-Харам мечити — Тыюу салынган мечит. Анда исламда ыйык деп саналган Кааба ташы жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0