АКШ президентинин имараты. Архив

Ак үй: Россиянын Сириядагы "жалгыздап" жасаган аракеттери изоляцияга алып келиши ыктымал

81
(жаңыланган 12:10 15.09.2015)
Россия АКШ башында турган эл аралык коалицияны Сириянын бийлиги менен кызматташууга бир нече ирет чакырган, бирок Ак үй Сириянын президенти Башар Асаддын кетишин талап кылууда.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Коалицияга кошулбастан, Сирияда өз алдынча иш-аракет жүргүзүү жөнүндө Россиянын чечими аталган өлкөнүн президенти Башар Асадды колдоо катары бааланып, РФтин эл аралык коомчулуктан андан ары да бөлүнүшүнө алып келиши ыктымал деп билдирди маалымат жыйынында Ак үйдүн расмий өкүлү Жош Эрнест.

"Мунун аркасында Россия эл аралык коомчулуктан мындан ары да обочолонуп бөлүнүп, АКШ башында турган коалицияны колдоочу 60 өлкө менен оппозициялык абалга келиши мүмкүн", — деди Эрнест журналисттин суроосуна жооп берип жатып.

АКШ Сириянын президенти Башар Асаддын кетишине умтулуп, ошого байланыштуу ага эч кандай жардам көрсөтүлбөсө деп жатат. РФ болсо "Ислам мамлекетине" каршы күрөшүү үчүн эл аралык коалицияны БУУнун Коопсуздук кеңешинин жетекчилиги астында Сириянын бийлиги менен кызматташууга бир нече ирет чакырган. Мурдараак РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров Сириянын жетекчилигине терроризмге каршы күрөшүн колдоо үчүн аскер-техникалык жардам көрсөтүп келгенин жана бул жардамын дагы уланта турганын Москва эч качан жашырган эмес деп билдирген. 

Сирияда 2011-жылдын март айынан бери уланып келе жаткан куралдуу чыр-чатактын себебинен, БУУнун малыматы боюнча, 220 миңден ашык адам курман болду. Өкмөттүн аскерлерине түрдүү куралдуу түзүмдөргө тиешелүү согушкерлер каршылык көрсөтүүдө. Алардын эң активдүүлөрү болуп "Ислам мамлекети" жана "Жебхат ан-Нусра" экстремисттик топторунун согушкерлери эсептелет.

81
Белгилер:
Россия, Башар Асад, Жош Эрнест, Бишкек мэриясы, 'Ислам мамлекети' террордук тобу
Тема боюнча
АКШнын чалгындоо кызматы Ирак менен Сириянын кыйрашын болжоп айтууда
БУУ: ЕБдин чек араларын бир тараптуу жаап салуу качкындардын абалын кыйындатат
Медициналык кызматкерлер бейтап менен ооруканада. Архив

Инфекционист: COVID-19дун жаңы штаммдары мурункудан жеңил болбойт

24
(жаңыланган 11:06 28.10.2021)
Дарыгердин айтымында, мутациядан кийин пайда болгон штаммдарды мурдагыларга салыштырмалуу коопсуз деп айтууга болбойт. Анткени вирустун жаңы түрлөрү өз жашоосун болушунча узартуу үчүн күчтүү, жугуштуу болууга аракет кылышат.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Коронавирустун "дельта" штаммынын AY.4.2 деп аталган жаңы варианты өтө жугуштуу жана оор формада өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине инфекционист Андрей Поздняков билдирди.

"Бул "дельта" штаммынын бир түрү болуп жаткандан кийин аны жеңил өтөт жана көп жукпайт деп ойлобошубуз керек. Байкоолорубузга караганда, бул вариантка кабылган бир киши 9 адамга вирус жугузушу мүмкүн. Ал эми "дельта" штаммы өзү бир оорулуудан сегиз адамга жугат. Эң алгачкы Ухань штаммы орто эсеп менен үч кишиге жукчу", — деди Поздняков.

Дарыгердин айтымында, мутациядан кийин пайда болгон штаммдарды мурдагыларга салыштырмалуу коопсуз деп айтууга болбойт. Анткени вирустун жаңы түрлөрү өз жашоосун болушунча узартуу үчүн күчтүү, жугуштуу болууга аракет кылышат.

Эске салсак, Улуу Британиядагы Сенгер жана Кембридж окуу жайларынын окумуштуулары "дельта" штаммынын 10-15 пайызга көбүрөөк жуккан AY.4.2 варианты чыкканын айтышкан. Россияда вирустун бул варианты азырынча үч кишиден табылды. Ошол эле учурда адис Россияда коронавируска каршы колдонулуп жаткан вакциналардын күчү AY.4.2 вариантына дагы жетерин билдирүүдө.

Буга чейин Роспотребнадзор мекемесинин адистери изилдөө иштери аягына чыга электигине байланыштуу "дельта" штаммынын жаңы варианты өтө кооптуу деп айтууга эрте экенин билдиришкен.

24
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Коронавирус дагы үч адамдын өмүрүн алды, 124ү жаңы жуктурду
Колбаса азыктары. Архив

Жумасына жарым килограммдан көп жебеш керек. Эттин кооптуулугу эскертилди

65
(жаңыланган 09:57 28.10.2021)
Адис "жаман" майлар туурасында да эске салып, алар майонезде, маргаринде жана чочко майында бар экендигин айткан.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Адам ичегисинин былжыр челин жакшы абалда сакташ үчүн кооптуу деген азыктардан баш тартып койгону дурус. Бул туурасында немец дарыгери Томас Фрилингдин башка басылмаларга айткандарына таянып РИА Новости жазды.

Адис колдон келсе жебей койгондон өтөрү жок деген азыктардын башына кантты койгон. Дарыгер таттуу болгон жерде бактериялардын кайсы бир түрү жакшы көбөйө тургандыгын эскертти. Андан аркы тизмесине туздалган, ышталган тамактар жана колбаса азыктарын кошкон.

"Булар канцероген заттары бар делген тизмедеги тамактардын катарына кирет, ошон үчүн кадимки кызыл этти (балык менен тооктукунан башкасын) да жумасына 500 граммдан ашык жебеш керек", — деген Фрилинг.

Адис "жаман" майлар туурасында да эскертип, алар майонезде, маргаринде жана чочко майында бар экендигин айткан.

Фрилинг пайдалуу азыктарды да санап берген. Биринчи орунда жашылча жана буурчактар турарын, алардын курамында клетчатка сыяктуу азыктар бар экенин айткан. Андан кийинки орунга банан, балык, жемиштердин пюреси, мундир кылып жасалган картошка жана кара нан чыккан.

65
Белгилер:
ден соолук, азык, дарыгер, кеңеш, колбаса, зыяндуу, банан, пайдалуу
Тема боюнча
Диетолог суукта, локдаунда кантип салмак кошпой жүрүүнүн жолун айтып берди
Дарыгер пиязды ашыкча колдонуунун кесепетин айтты
Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Азамат Дүйшөналиев

Дүйшөналиев: өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук өсүүдө

0
Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Азамат Дүйшөналиев өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукка өп-чап турмуш себеп экенин айтты.

Социалдык жактан жакыр үй-бүлөдө жашаган балдар арасында кылмыштуулук көп катталууда. Мындай маалыматты Азамат Дүйшөналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Дүйшөналиев: өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук өсүүдө

Анын айтымында, социалдык көйгөйлөргө байланыштуу окуусун таштап, үй-бүлөсүнө акча табуу максатында түрдүү кылмышка баргандар арбып барат.

"Буга социалдык көйгөйлөр себеп болууда. Үй-бүлөдөгү акыбал, акчанын жетишпестиги негиз болуп, окуусун таштап, башка жумуштарда иштеп, түрдүү кылмыштарга барып жатышат. Үйүнөн качып кеткен учурлар да катталууда. Калктуу аймак болгон Бишкек жана Чүй облусунда кылмыш фактылары көп. Алардын көбү майда кылмыштар", — деди Дүйшөналиев.

Ошондой эле адис кылмыштуулукту алдын алуу үчүн мектептерде жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору байма-бай каттап, окууларды өткөрүп жаткандыгын кошумчалады.

0
Белгилер:
Азамат Дүйшөналиев, мыйзам, тергөө, ИИМ
Тема боюнча
ИИМ экономикалык кылмыштар боюнча башкармалык түзүү зарылчылыгын айтты