БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Европа өлкөлөрүнүн Жер ортолук деңизде мыйзамсыз мигранттарды ташып жүрөт деп шектелген кемелерге каршы аскердик аракеттерге БУУнун Коопсуздук кеңешинен уруксат алуу Россиянын каршылыгына туш болду деп жазат The New York Times. Басылма белгилегендей, Россия мындай уруксат ири масштабдагы аскердик кийлигишүүлөр үчүн актоо болбойт деген кепилдикти талап кылууда.
Европалыктар Жер ортолук деңиздин эл аралык сууларында кемелерди токтотуп текшерүүгө жана кармоого аскердик инспекцияны жиберүү үчүн мындай уруксатты уюмдун Уставынын жетинчи беренесинин негизинде сурап жатышат.2011-жылы дал ошол жетинчи берененин негизинде кабыл алынган Коопсуздук кеңешинин токтому Ливиянын жарандык калкын коргоо үчүн "бардык зарыл чараларды" көрүүгө уруксат берген болчу. Анда Россия бул маселе боюнча добуш берүүдө калыс пикирде калган, бирок окуянын натыйжасы аскердик кийлигишүүгө алып келген.
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркин аскердик аракеттерди жайылтууга алып келе турган бардык чараларга башынан бөгөт коюу зарыл деп билдирди.
Ал аталган резолюция Ливия окуясынын кайталанышына алып келбей турганына ынангысы келерин айтты. Андан тышкары, Чуркин бул резолюция толугу менен Уставдын жетинчи беренесине ылайык келишине жана ошого байланыштуу аскердик кийлигишүүгө уруксат берүүгө макул эместигин билдирди.
Резолюциянын долбоору Коопсуздук кеңешинин бардык 15 мүчөсүнө шейшемби күнү таратылып, ал эми ал боюнча сүйлөшүүлөр жакынкы күндөрү улантылары болжолдонууда. Батыш дипломаттары ушул айдын аягында боло турган Башкы ассамблеянын сессиясы башталганга чейин резолюция кабыл алынарына үмүт артууда.
Россия БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу өкүлү катары вето коюу укугуна ээ экенин The New York Times эскертет.
БИШКЕК, 19-янв. – Sputnik. Австралиянын 111 жашка толгон тургуну Декстер Крюгер январда туулган күнүн белгилеп, жашоо образы тууралуу айтып берген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ага ылайык, Крюгер "дем алгыла, күнүнө үч маал тамак жесеңер убакыт билинбей өтө берет" деп тамашалаган.
Ал адатка айлантып алган тамактануусу тууралуу да бөлүшө кеткен.
"Ырдаганды жакшы көрөм. Күн сайын алты даана креветка жейм. Ошондой эле кечки тамакка балыктын бир түрү кошулган суюк тамак ичем", — деген ал.
Крюгер тамашаны жакшы көрө турганын айтып, жашоодогу ар кандай кырдаалдан юморду колдонуу менен чыгып кетерин баса белгилеген.
Ал өмүр бою фермада иштеп, 86 жашынан тарта китеп жаза баштаганын айткан. Азыркы тапта анын ырлары жана эскермелери камтылган 12 жыйнагы чыккан.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Болгарияда кош бойлуу келин коронавируска антителосу бар бөбөк төрөдү. Бул туурасында улуттук радионун сайтына маалымат жарыяланды.
Пазарджик шаарынын 28 жаштагы тургуну ооруканага эти катуу ысып, жөтөлүп жана алы кетип түшкөн. Аны бир курс дарылагандан кийин ак халатчандар баланы операция жолу менен жарыкка алып келишкен.
Азыр бөбөктүн абалы жакшы экендиги айтылды. Ал эми антигендик тест бөбөктө коронавируска каршы антитело бар экендигин көрсөткөн. Эне-бала үйүнө чыккандан кийин да дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.Ымыркайдын салмагы 2,75 килограмм, ал эми бою 46 сантиметр экени айтылды.