Физиктер нанообъектилерин адам көзүнөн жашыра турган көргөзбөс плащ ойлоп табышты

© Xiang Zhang group, Berkeley Lab/UC BerkeleyФизики создали плащ-невидимку, скрывающий нанообъекты от глаз человека
Физики создали плащ-невидимку, скрывающий нанообъекты от глаз человека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калифорниялык физиктер көзгө көрүнөрлүк нур толкундарынын диапазонунда иштей турган алгачкы көрүнбөс плащ ойлоп таап, аны иш жүзүндө көрсөтүштү. Бул үчүн алгач бир нече жандуу клеткалардын көлөмүндөгү нанобөлүкчөнүн үстү табылга менен жабылган. Аны микроскоптон караган учуруда плащтын алдындагы нерсе көрүнгөн эмес.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Беркли университетинин окумуштуулары адамдын көзүнөн же камеранын окулярынан эркин формадагы нанообъектилерди жашыра турган жана ошол эле учурда 80 нанометрлик гана калыңдыктагы өтө жука көрүнбөс плащты ойлоп табышты деп айтылат Science журналында жарык көргөн макалада.

Занятия йогой. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар йога менен машыгуу артритти жеңүүгө жардам берерин аныкташты
Акыркы жылдары физиктер түрдүү объектилерди нурдануу диапазонунда көзгө көрүнгүс кыла турган көп сандагы жабдыктарды ойлоп табышкан. Адатта алардын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү гана, айрымдары эки өлчөмдүү буюмдарды гана жашыра алса, башкалары белгилүү бир температурада гана иштейт. 

Берклидеги Калифорния университетинен (АКШ) Сян Чжан (Xiang Zhang) жана анын кесиптештери жогоруда аталган плащтын үстүндө көп жылдан бери эмгектенет. Беш жыл мурун алар нерселерди жылуулук толкундарынан жашыра турган жабдууну кремнийдин негизиндеги бөтөнчө метаметаллдан жасашкан. 

Көзгө көрүнбөс жаңы плащь кремнийден эмес, көзгө көрүнгүс "кышчаларга" окшош алтын наноантенналардан турат. Алардын калыңдыгы жана чоңдугу өтө кылдат өлчөлүп жасалган.

Ал "кышчалар" плазмалык резонаторлор – өзүлөрүнө түшкөн жарыкты электрондордун термелүүсүнө айлантып, кайра чыгарып же аларды кубаттын башка түрүнө айланта турган өзгөчө түзүлүштөр болуп эсептелет. Бул резонаторлор плащка жана анын астындагы объектиге тийген жарыктын жайылып кетишине жана ошону менен адамдын көзүнө же фотокамерага көрсөтүп коюшуна жол бербейт. Анын ордуна нурлар плащтын бетинен күзгүдөн чагылгандай кайра чагылып же жөн гана ал аркылуу өтүп кетет. 

"Биз муну менен биринчи жолу үч ченемдүү эркин формадагы объектини көзгө көрүнөрлүк жарыктан жашыра алдык. Биздин наноплащ өзүнчө бир териге окшош, аны чогултуп алыш же жабдыгын алмаштырыш оңой. Плащты макродүйнөдөгү неселерди катып жашырууга да мүмкүн болгудай көлөмгө чоңойтсо болот", — деди Чжан.

Физиктердин айтымында, бул плащ иштеши үчүн атайын жабдуу, кубаттуулук булагы же аны жөндөштүрүү үчүн татаал системалар талап кылынбайт. Анын астында катылган нерсе дайыма эле көзгө көрүнбөй жата бербейт, наноантенналардын багытын алмаштыруу менен кайра көзгө көрүнгүдөй кылып койсо болот. 

Таиландда жибек курттун пилласынынын негизинде бронежилет жасалды
Бир кемчилиги, инженерлер азырынча чоң плащты жасоого жеткидей көлөмдө нанобөлүкчөлөрдү чыгарууну үйрөнө элек. Бирок Чжан менен анын кесиптештеринин пикиринде, бул анча чоң тоскоолдук эмес, себеби мындай резонаторду каалашынча "басып чыгара" ала турган өзгөчө нанопринтерлер бар.

Авторлорунун айтымында, бул плащтын нановерсиясын кадыресе иштерде да колдонууга болот. Мисалы, компьютерлерде жана мобилдик жабдууларда микросхемаларды коопсуздук максатында жашырууга мүмкүн. 

Нано – байыркы грек тилинен келген жана "эргежел" дегенди билдирет. Ал эми латын тилинде бул сөз "кымындай", "өтө кичинекей" деген мааниге ээ болгон. Азыркы кезде илимий тармактарда бир бүтүндүктүн миллиардан бир бөлүгүн көрсөтүүчү термин катары колдонулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0