Индия өзүнүн алгачкы обсерваториясын космоско сентябрдын аягында чыгарат

© NASAВид на землю с космоса. Архивное фото
Вид на землю с космоса. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Индия 28-сентябрда өзүнүн алгачкы Astrosat орбиталдык обсерваториясын рентгендик кош жылдыздардын активдүүлүгүн изилдеп, кара тешиктер менен алардын тегерегиндеги материялардын сырын ачышы үчүн космоско жибергени жатат.

БИШКЕК, 20-сен. – Sputnik. Индиянын космостук изилдөө уюму (ISRO) сентябрдын акыркы күндөрү өлкөнүн тарыхында биринчи космос обсерваториясын чыгара турганын, ал электромагниттик нурдануунун дароо беш диапазонунан космос мейкиндигин изилдей турганын Science журналы жазат.

Falcon 9 ракетасынын кыйроосуна байланыштуу Эл аралык космос станциясына жүк жеткен жок
Уюмдун өкүлдөрү журналга айтып бергендей, аталган зондду түзүүнүн үстүндө 20 жылдай иштешкен – бир эле мезгилде космоско бир нече диапазондон көз сала турган обсерватория түзүү жөнүндө ой ISRO уюмуна 1996-жылы эле келген. Astrosat орбитага 2007-жылы учурулушу керек болчу, бирок зондду жыйноо каржаттын тартыштыгынан бир нерче жолу кармалган.

Индиядан тышкары, долбоорго Канаданын космос агенттиги да катышууда. Анын адистери обсерваториянын бортуна орнотулган UVIT ультра кызыл-көк телескопту орнотууга катышкан, ошодой эле Британянын Лейчестер университетинни изилдөөчүлөрү да долбоордо иштешкен. Анын толук баасы ISRO маалыматы боюнча, 45 миллионго жакын долларды түздү.

Astrosat башкы максаты, индиялык астрофизиктер айтып жаткандай, рентгендик кош жылдыздарга байкоо жүргүзүү. Алардын табияты азырынча толук изилдене элек. Мындай объектилерге бир эле мезгилде оптикалык, рентген жана ультра кызыл-көк диапазондордо байкоо салуу аларда орун алган кара тешиктер материяны кантип жутуп алышарын жана аккреция диски деп аталган алардын "азыгы" өзүн кандай алып жүрөрүн түшүнүүгө жардам берет деген үмүттө. 

Жер шаарынын космостон көрүнүшү. Архив. - Sputnik Кыргызстан
Түркмөнстандын алгачкы космос спутниги жазында учурулат
Аба ырайы мүмкүнчүлүк берсе, Astrosat үсүбүздөгү жылдын 28-сентябрында Андхра Прадеш штатындагы Шрихарикота космодромунан учат. Обсерватория менен бирге космоско CubeSat системасындагы LEMUR микро спутниги да учурулат. Аларды америкалык Spire Global компаниясы деңиздеги кемелерге байкоо жүргүзүп, аларды таануу жана деңиздеги браконьерлердин изин табуу максатында чыгарган. 

Зонд ийгиликтүү учурулуп, бардык сынактан өтсө, ISRO адистери обсерватория орбитада жок дегенде беш жыл иштейт деп ишенип турушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0