ВВС: Ирандын диний лидери тыгылышта өлгөн ирандыктар үчүн кечирим суроону талап кылууда

© AFP / MOHAMMED AL-SHAIKH Меккада болгон тыгын. Архив
Меккада болгон тыгын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Сауд Аравиясы адам өмүрүн алган трагедияны Иран саясий максатта колдонуп жатат деп күнөөлөгөн.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Ирандын диний лидери аятолла Али Хаменеи Сауд Аравиясынан Меккеде тепсендиде калып каза болгон ирандык 160 зыяратчы үчүн кечирим суроону талап кылды. Бул туурасында ВВСнин маалымат кызматы билдирди.

Трагедия 24-сентябрда Меккеге жакын Мина өрөөнүндө шайтанга таш ыргытуу учурунда болгон. Анда 717 зыяратчы тепсендиде калып каза болуп, 900дөн ашыгы жаракат алган. 

Аятолланын расмий маалыматында, ислам дүйнөсүнүн Мекке трагедиясы боюнча Эр-Риядга бере турган сурооору көп экендиги айтылат. 

"Сауд Аравиясы баары кыдырата күнөөлөгөндөн көрө, жоопкерчиликти өзүнө алып, каза болгон мусулмандардын үй-бүлөсүнөн кечирим сурасын. Ислам дүйнөсүнүн суроолору али көп", — деп айткан Хаменеи.

Сауд Аравиясы буга чейин Тегерандын койгон күнөөлөрүн четке кагып, Иранды адам өмүрүн алган кырсыктан саясат жасап жатат деп күнөөлөгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0