Ирандын желеги. Архив

Иран: Россиянын авиациясынын Сириядагы соккусу ИМге каршы күрөштөгү олуттуу кадам

87
(жаңыланган 11:44 01.10.2015)
Ирандын ТИМ башчысы Мохаммад Жавад Зари Батыш өлкөлөрү Асадга жардам бергиси келбейт, бирок Сириянын азыркы бийлигине каршы сокку уруудан кийин "Ислам мамлекети" менен беттешүүгө туура келет деди.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Өзүнүн аскердик авиациясын Сирияда колдонуу жөнүндө Москванын чечими "Ислам мамлекети" (ИМ) терорристтик тобуна каршы күрөштө өтө маанилүү жана оң кадам болуп эсептелет деген ойдо Ирандын ТИМ башчысы Мохаммад Жавад Зари.

"Ооба", — деди Зариф Sputnik агенттигинин суроосуна жооп берип жатып. Жана ал "ИМге каршы ар бир кыймыл оң кадам болот" деп кошумчалады.

Анын айтымында, Батыш өлкөлөрү "Сириянын президенти Башар Асадга эч жардам көрсөткүлөрү келбейт".

"Бул жерде алар экинин бирин тандай алат: эгер ИМге сокку урсаңар, андан кийин Асад менен иш алып барасыңар, эгер Асадга сокку урсаңар, анда анын артынан ИМ менен беттешүүгө туура келет", — деп кошумчалады Ирандын ТИМ башчысы.

30-сентябрда Россиянын Федерациялык кеңешинин мүчөлөрү Путиндин россиялык аскердик күчтөрдү чет жактарга колдонуу өтүнүчүнө уруксат берүүнү бир добуштан колдогон.

87
Белгилер:
Авиация, Мохаммад Жавад Зари, Башар Асад, Батыш, Сирия, Иран, Россия
Тема:
Россиянын аскердик аба күчтөрүнүн чет жакта колдонулушу (26)
Тема боюнча
Башар Асад орустардан жардам сурап кайрылды, Россия аба күчтөрүн колдонмой болду
Олимпиадалык шакектер жана желек. Архив

Кыргыз спортчулары олимпиадага 1-июндан тарта даярдана баштайт

23
(жаңыланган 18:47 29.05.2020)
Машыгуулар өтчү жайларда бардык санитардык нормалар сакталып, эпидемияга каршы иш-чаралар маал-маалы менен өткөрүлүп турат.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстандык курама командалар эл аралык мелдештерге 1-июндан тарта даярдануусун баштап, машыгууларга киришет. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Биринчи кезекте сөз Токио Олимпиадасына жолдомо берилчү мелдештерге катыша турган курама командалар тууралуу болуп жатат.

Эл аралык мелдештер башталса, катышуу үчүн олимпиадалык эмес жана улуттук спорттук оюндардын түрлөрү боюнча дагы машыгуулар башталат.

"Курама командалардын мүчөлөрү машыгуудан мурда медициналык кароодон өтүшөт. Машыгуулар өтчү жайларда бардык санитардык нормалар сакталып, эпидемияга каршы иш-чаралар маал-маалы менен өткөрүлүп турмакчы. Спортчулардын дене табы текшерилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Бирок өлкө ичиндеги мелдештер боюнча азырынча так маалымат айтыла элек.

Эске салсак, Токио шаарындагы Олимпиада 2021-жылы өтмөкчү. Ал пандемиядан улам ары жылдырылган.

23
Белгилер:
карантин, машыгуу, спорт, Кыргызстан
Тема боюнча
"Спартак" стадионунда машыгууга уруксат берилип, бирок бир шарт коюлду
Муштум. Архив

Москва: элчилик сабалган кыргызстандык боюнча ИИББге кайрылды

121
Окуя 25-майда Москвадагы метронун "Площадь Революции" станциясында болгон. Кыргызстандык окуяны тизмектеп, милицияга арыз жазды.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги ИИМдин Жеке коопсуздук боюнча башкы башкармалыгына полиция кызматкерлеринин КР жаранын сабаганы боюнча кат жөнөттү. Бул туурасында дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Алдын ала таратылган кабарда окуянын 25-майда Москва шаарындагы метронун "Площадь Революции" станциясында болгону айтылды.

"Элчиликтин кызматкерлери ИИБдин Борбордук административдик округунун "Китай-город" деп аталган полициянын бөлүмүнө барышты. Ал жерден Кыргызстандын жараны окуянын кандайча болгонун тизмектеп жазып берди. Кайрылууну нөөмөт бөлүмүнө катташты", — деп айтылат маалыматта.

Элчиликтин кызматкерлери баргандан кийин ИИМдин Жеке коопсуздук боюнча башкы башкармалыгынан тыкыр иликтөө болорун айтышкан.

121
Белгилер:
элчилик, сабоо, полиция, Москва, Россия, кыргызстандыктар
Тема боюнча
Москва: оорукананын курулушунда өрт чыгып, кыргызстандык көз жумганы айтылууда
Май куйуучу жай. Архив

Бир айдан кийин өлкөдөгү бардык май куюучу жайлар тыкыр көзөмөлдөнө баштайт

0
Салык кызматы автомай куйган бекеттердин ээлерине 1-июлга чейин бири калбай талап кылынган системаны орнотуп бүтүшү керектигин эскертти.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Ушул жылдын 1-июлунан тарта өлкөдөгү бардык май куюучу бекеттер толугу менен башкаруунун автоматташтырылган системасын колдонуп башташы керек. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Салык кызматы күйүүчү май куюучу жайлардын (анын ичинде автогаз куюучу жана газ толтуруучу компрессордук станциялардын) ээлерине 1-июлга чейин бири калбай аталган системаны орнотуп бүтүшү керектигин эскертти.

Автоматташтырылган электрондук системанын өзгөчөлүгү — кардар көзөмөлдүк-кассалык машинадан төлөнгөн суммага кассалык чек албай туруп май куя албайт. Чек албаса, станциянын май куюу колонкасы иштебейт. Система бул жайлардын бензинди берүү учурун Салык кызматынын серверине да көрсөтүп турат.

Май куйган автобекеттерге коюлган талаптар өкмөттүн токтомуна ылайык ишке ашууда.

Ага ылайык, күйүүчү майды мунай заттарынын базасына же резервуарына ээлик кылган жактарга гана дүңүнөн сатууга мүмкүн болот.

0
Белгилер:
текшерүү, система, май куюучу бекет, Мамлекеттик салык кызматы
Тема боюнча
Дизель майы менен бензин 3 сомго арзандады