БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. "Sputnik.Фактылар" долбоорунун алкагында Sputnik агенттиги Европа өлкөлөрүнө качкан бозгундардын агымы жөнүндө билдирет. Евростаттын маалыматы боюнча, баарынан көп качкын Сириядан (73 миң 310 адам), Косоводон (58 миң 920 адам) жана Афганистандан (39 миң 910 адам) келүүдө. Дал ушул өлкөлөрдө АКШ жана анын шериктештери түрдүү аскердик операцияларды жүргүзгөн.
Евростаттын маалыматтарына ылайык, 2008-жылдан кийин качкындардын агымы дээрлик үч эсеге көбөйгөн. Мигранттарды кабыл алуу жагынан лидерлер болуп Венгрия, Швеция жана Австрия эсептелет. Бул өлкөлөрдө жергиликтүү калктын ар бир миллионуна 9929 (Венгрияда), 5052 (Швецияда) жана 3328 (Австрияда) качкын туура келет. Алардын жалпы санынын 72 пайызы эркектер, 28 пайызы аялдар экени маалым. Бардык качкындардын дээрлик жарымын (49 пайызын) 14 жаштан 34 жашка чейинки эркектер түзөт, ал эми бул курактагы аялдардын саны 12 пайызга тете."Sputnik.Фактылар" долбоору жөнүндө маалымкат
Бул Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун долбоору. Ал ар түрдүү өлкөлөр менен уюмдардын (БУУ, ЭАВФ ж.б.) статистикаларына, ири изилдөө борборлорунун алдын ала божомолдоолоруна негизделген актуалдуу саясий жана соцалдык темалар боюнча маалыматтарды жарыялап турат.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Африка өлкөлөрүнүн лидерлеринин ичинен Гвинея президенти Альфа Конде коронавируска каршы россиялык "Спутник V" вакцинасын алгандыгын "Известия" кабарлады.
"Мамлекет башчы менен кошо өкмөттүн мүчөлөрү да "Спутник V" вакцинасын алды", — деп жазган басылма.
Гвинеянын мамлекеттик телеканалы өткөн аптада Альфа Конде өзүнүн борбордук сарайында COVID-19га каршы "Спутник V" вакцинасын сайдырып жатканы боюнча репортаж жасаган.
Сюжетте мамлекеттин башчысы коронавируска каршы күрөштө жарандарга үлгү болгон кадам жасаганы айтылган. Портал эмдөө сынамык вакцинациялоонун экинчи этабынын алкагында болгонун кабарлаган.Гвинея Африка өлкөлөрүнүн ичинен "Спутник V" вакцинасын колдоно баштагандардын бири болду. 30-декабрда аталган өлкөнүн жогорку кызматта турган жетекчилеринин тобу россиялык вакцинаны сайдырышкан.
Россия лиреди Владимир Путин 11-августта Россия дүйнөдө алгачкылардан болуп коронавирусту алдын алуучу дарыны иштеп чыгып каттоого алганын жар салган. Вакцина "Спутник V" деп аталган. Бул вакцина Россия, Беларусь, Сербия, Аргентина жана Боливия мамлекеттеринде жактырылган. Учурда аны өз жарандары үчүн алууга ынтызар болгон мамлекеттердин саны арбып бара жатат.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Мушкерлер UFC уюмунун чемпиондук куруна татыктуу экенин чындап көрсөтө алышса октагонго кайтам. Бул тууралуу Хабиб Нурмагомедов лиганын президенти Дана Уайтка билдиргенин Eurosport жазды.
Ишемби күнү Уайт менен Нурмагомедов жабык эшик артында сүйлөшүштү. UFC башчысынын айтымында, ага Хабиб спортто жетиштүү ийгиликти багындырганын, кайра кайтууга шык бере турчу деле нерсе жок экенин билдирген. Бирок ал Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин, Дэн Хукер менен Майк Чендлердин кармашына көз саларын белгилеген.
"Жеңил салмактагы ушул беттештерди көрөйүн деп күтүп жатам. Балдар кызыктуу кармаш тартуулап, мага чыныгы атаандаш экенин көрсөтө алышса сегиз бурчтукка кайтам", — деген Нурмагомедов.Россиялык мушкер октябрда америкалык Жастин Гэтжини утуп, үчүнчү ирет чемпиондук титулун коргогон. Беттештен кийин 32 жаштагы Нурмагомедов спорттук карьерасын жыйынтыктаганын жар салган. Кийинчерээк UFC президенти Дана Уайт бир нече жолу Хабибдин октагонго кайра чыгарын ишенимдүү айткан.
Нурмагомедов дагы UFC жетекчиси анын октагонго кайтышын каалап, улам-улам мыкты шарттарды жана жаңы атаандаштарды сунуштап жатканын билдирген.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кичи автобустардын айдоочуларын чагымчылдыкка алдырбоого чакырды.
Белгилүү болгондой, милицияга маршрутка айдоочуларынын ортосунда ишке чыкпоо, нааразычылык акциясын уюштуруу сыяктуу чагымчыл чакырыктар тарап жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
"Борбор калаада коомдук тартипти туруксуздаштыруу КРдин мыйзамын бузуу болуп саналат. Ошондуктан ШИИБ маршрутка айдоочуларын чагымчылдыкка алдырбоого чакырат", — деп айтылат маалыматта.
Ошол эле учурда айдоочулар коом үчүн өтө зарыл жана чоң иш аткарып жатканын эстен чыгарбашы керектиги белгилеген.
"Эгер чагымчыл иштерге жол берилип, коомдук тартип бузула турган болсо, ошондой эле коомдук транспортто же көчөдө жарандардын жана балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралса, менчик жана мамлекеттик мүлктөр жабыркаса, КРдин мыйзамына ылайык олуттуу чаралар көрүлөт", — деп эскерткен ШИИБ.
Айрым маршрутка айдоочулары жол кирени 15 сомго чейин көтөрүү талабын койгон. Мэрия аталган маселе акырындык менен чечилерин, маршрутка айдоочуларынын койгон талаптарын караган жумушчу топ түзүлгөнүн буга чейин айткан.
ШИИБ айдоочуларга кагаз түрүндө эскертүү таратылганын белгиледи. Анда кокус коомдук тартип бузула турган болсо, мэрия жеке менчик фирмалар менен кызматташууну карап чыга турганы жазылган.