БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бүгүн Америка Кошмо Штаттарынын көйгөйлөрү өлкөнүн эң башкы баалуулугу болуп эсептелген ички эркиндикке карата сүйүүсүн жоготуп, ошондой эле өлкө бүтүндөй дүйнө боюнча эркиндик отун алып жүрбөй калганына байланыштуу деп жазат журналист Тодд Вуд The Washington Times гезитине жарыяланган макаласында.
Журналист америкалыктар көз жуумп коюга аркеттенип жаткан көрүнүштөр жөнүндө кеп кылганын баса белгилейт. Бирок "баарынан мыкты дары — чындык", — деп жазат ал.
Вуд Обаманын администрациясынын иши, мейли Иран менен өзөктүк курал жөнүндө макулдашуу болобу, Жакынкы Чыгыштан аскерлерди алып чыгуу же "Ислам мамлекети" менен күрөш болобу, иши кылып, бардык саясаты АКШнын дүйнөдөгү беделин түшүрүүдө деп сынга алат.
Вуддун пикиринде, эркиндик маселесин АКШнын лидери такыр ойлобой калды. Ал Барак Обаманын БУУнун Башкы ассамблеясындагы сөзүн мисал келтирип, америкалык президент өзүн "тарыхта биринчи жолу дүйнөдөгү эң күчтүү аскер күчтөрүнүн башкы командачысы" атаганын эскерет.
Ошондой эле Вуд, Обама башчылык кылып турганда көпчүлүк бийлик түзүмдөрүндө коррупция пайда болуп, андан Жашыруун кызматы, айлана-чөйрө боюнча агенттик, салык кызматы да четте калган жок дейт.