Үч миңден ашуун согушкер улуттук аскерлерден коркуп, Сириядан качты

© AFP / TAUSEEF MUSTAFAИслам мамлекетинин желегин кармаган согушкерлер. Архив
Ислам мамлекетинин желегин кармаган согушкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ислам мамлекети", "Жебхат ан-Нусра" жана "Жейш аль-Ярмук" топторунун экстремисттери бардык фронттордо куралдуу күчтөрдүн жандануусунан коркот деп билдирген аскер чөйрөсүндөгү булак. Келип жаткан маалыматтарга караганда, согушкерлер Иорданияга кетишти.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. "Ислам мамлекети", "Нусра" жана "Жейш аль-Ярмук" топторунун үч миңден ашык согушкери өкмөттүк аскерлер бардык жактан чабуул жасайт деп коркуп, Сириядан Иорданияга качышты деп билдирет аскердик маалымат булагы. 

"ИМдин "Нусранын" жана "Жейш аль-Ярмуктун" үч миңден кем эмес экстремисттери Иорданияга кире качышты. Алар бардык фронттордо аскерлердин жанданышынан жана россиялык учактардын соккусунан коркот", — деп билдирген ал булак.

Маалыматка ылайык, өкмөттүк аскерлер жекшембиде Дамаскиге жакын жерде, Дейр-эз-Зор жана Хомс провинцияларында, ошондой эле Пальмир шаарынын тегерегинде ИМ менен "Жебхат ан-Нусранын" согушкерлерине каршы сокку урган. Натыйжада 160ка жакын согушкер жок кылынып, террористтер болсо ок-дары салынган үч БМПны жардырып жиберишкен. Сириялык аскерлердин арасында жарадар болгондор бар экени айтылат. 

РФ Сириядагы Ислам мамлекетинин объекттерине алгачкы авиа соккуларынын видеосун жарыялады
Маалыматка ылайык, террористтердин катарындагы сириялыктар менен чет элдик согушкерлердин ортосунда жетекчилик укугу үчүн олуттуу пикир келишпестиктер башталды. Сириялыктар чет элдик жалдануучуларды Хуле, Растан жана Тальбиси аттуу жерлерден кетишин талап кылууда. Алардын корккону, бир жагынан сириялык аскерлер бейшемби күнү аталган жерлерде кенен чабуул баштарын жарыяласа, экинчи жагынан Россиянын аба күчтөрү да сокку урууда. 

Дүйшөмбү күнү сириялык аба-аскер күчтөрү Растан менен Тальбисинин үстүнөн баракчаларды таштаган. Анда террористтерге куралдарын таштоо, ал эми карапайым тургундарга башка жакка кетүү сунушталып, жакынкы убакта сириялык аскерлер кенен операция баштай турганы эскертилет. 

Ошол эле мезгилде Дамасктын жанында Сириянын учактары террористтердин жайгашкан жерлерине чабуул жасап, Харастта согушчандардын штаб-квартирасы жок кылынган. Ушул шаардан согушкерлер Дамаскинин борбордук жана тарыхый бөлүктөрүнө ракета, миномет менен үзгүлтүксүз ок атып жатышкан. Ошондуктан аскерлер аларды шаардан алыс сүрүп салууга аракеттеништи.

Сириянын түндүгүндө Алеппо шаарынан алыс эмес жерде эки жылдан бери курчоодо жаткан авиациялык окуу жайдын коргоочулары ИМдин чабуулунун мизин кайтарып, 15 террористти жок кылышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0