Кабулдагы жардыруудан төрт адам жаракат алды

© REUTERS / Omar Sobhani Кабулдагы афган аскери. Архив
Кабулдагы афган аскери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Афган парламенти жана Россиянын элчилиги жайгашкан райондогу Дар уль-Аман сарайында бир нече жардыруулар болуп, ал атышуулар менен коштолду.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кабулдун борборундагы жардырууда төрт адам жаракат алды деп билдирди Khaama Press агентиги.

Афган аскерлери Кундуз шаарында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пентагон: Афганистандын Кундузунда абал тынч болбой турат
Окуя Афган парламенти жана Россиянын элчилиги жайгашкан райондогу Дар уль-Аман сарайында болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, жан кечти Афганистандын президентинин кеңешчилеринин бири, аймактагы уруунун башчысын жана Гельменд провинциясынын мурдагы губернаторун имараттан чыгышын акмалап турган. Россиянын Кабулдагы элчилигинен жарылуунун үнүн угушпаганын айтышты.

Маалыматка ылайык, жарылуу атышуу менен коштолгон. Бир катар имараттарда электр кубаты өчүрүлүп, эл башка жайларга көчүрүлгөн. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти "Талибан" радикалдык кыймылы өзүнө алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0