ЖМК: Европа биримдиги 400 миң мигрантты өз аймагынан чыгарууга камынып жатат

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүКачкындар автобустан түшүп жатышат. Архив
Качкындар автобустан түшүп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Европа биримдигинин аймагына кирген 400 миңден ашык мигрантка качкын макамы берилбей турганы жөнүндө маалымат бар деп Times гезити жазат. Ошондой эле алардын миңдең ашыгы кайра артка кетирүү үчүн кармала турганы да айтылат.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Европа биримдиги (ЕБ) качкын макамын берүүдөн баш тарткан жүз миңдеген мигранттар бир нече жума ичинде биримдиктин аймагынан чыгарылат деп Times гезити аларга келип түшкөн маалыматтарга таянуу менен жазып чыкты.

"Быйылкы жылдын биринчи жарымында Европага качып келген 400 миңден ашык адам качкын макамын албайт жана бул ЕБдин лидерлери үчүн гуманитардык да, саясий да сынак болот", — деп жазат гезит. 

Беш күндүн ичинде жүзгө жакын качкындын жансыз денеси Ливиянын жээктерине чыгып калган
Басылма тактагандай, "Брюссель, эгер Нигерия жана Эритрея сыяктуу өлкөлөр өзүлөрүнүн мигранттарын кайра кабыл алуудан баш тарта турган болсо, жардам берүүлөрүн, соода жана визалык макулдашууларын токтоторун айтып коркутуп жатат". Ошондой эле "депортациядан жашырынып качпашы үчүн ЕБ өлкөлөрүндө миңдеген мигранттарды кармоо сунушу да каралганы" айтылат.

"Фронтекс" агенттигинин акыркы маалыматтарына ылайык, сентябрдын аягына чейин Европа биримдигине 630 миңге жакын мигрант келген. Еврокомиссия азыркы мигранттарга байланышкан абал Дүйнөлүк экинчи согуштан кийинки эң чоң каатчылык деп билдирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0