БУУ: ЕБдин чек ара көзөмөлүн күчөтүүгө багытталган саясаты ишке ашкан жок

© Sputnik / Сергей Строителев / Медиабанкка өтүүЕвропага Сириядан келип аткан качкындар. Архив
Европага Сириядан келип аткан качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Европа биримдиги чек ара көзөмөлүн жана байкоо жүргүзүү системаларын күчөтүшү мигранттарды ал жакка өтүш үчүн мурдагыдан да кооптуу жолдорду пайдаланууга мажбурлап, эл аралык укуктардын бузулушун гана эмес, өлүмдөрдүн санын да көбөйтүп жиберди деп билдиришет БУУдан.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Европа биримдигинин (ЕБ) чек ара көзөмөлүн күчөтүүгө багытталган миграциялык саясаты натыйжасыз болуп, бир жагынан контрабандисттердин мыйзамсыз ишкердигинин кеңейишине түрткү берди деп айтылат БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад Аль Хуссейндин шейшембиде таратылган билдирүүсүндө.

"Үстүртөн ойлонулган, таптакыр четке кагууга гана багытталган саясат ишке ашпай калды. Көзөмөлдү жана байкоо системаларын күчөтүү сырттан келип жаткандардын санын азайткан жок. Бул болгону, аларды Европа биримдигине өтүш үчүн мурдагыдан да кооптуу жолдорду пайдаланууга мажбурлап, эл аралык укуктардын бузулушун гана эмес, өлүмдөрдүн санын да көбөйтүп жиберди", — деди ал.

Аль Хуссейндин пикиринде, "контрабандисттердин жөнгө салынган акча табуу жолун талкалагандын ордуна, укук коргоо органдарынын ишин күчөтүшү жана качкындар менен мигранттар үчүн ЕБге өтүүгө мыйзамдуу жолдордун жоктугунан кылмыштуу топтор өз ишкердигин кенен жайып, айласы кеткен элдерди аларга кайрылууга түрттү".

"Мигранттар эмне үчүн пайда болуп жатканына ар тараптуу талдоо жүргүзбөстөн эле аларды жөн гана сүрүп чыгарып салууга багытталган саясат миграцияны башкаруу процессин эч жакшыртпайт. Тескерисинче, адам укуктарынын бузулушуна, мигранттардын өлүмүнө, эч күнөөсүз адамдарга карата зомбулукту жана аларды камакка алууларды күчөтөт", — деп сөзүн бүтүргөн БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары.

Миграция боюнча эл аралык уюмдун маалыматына ылайык, жыл башынан тартып 6-октябрга чейин Италия жана Греция аркылуу Европага 557 миң 899 адам келген. Ошону менен катар, ЕБдин жээктерине жеткенге далалат кылгандардын 2987си сууга чөгүп өлгөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0