АКШ Сирияда учактар кирбей турган аймакты аныктоо РФ менен суук селки кылат деп коркот

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүВашингтон шаарындагы ак-үй. Архив
Вашингтон шаарындагы ак-үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ак үйдүн өкүлү Россиянын учактары барып жаткан Сириянын жерлеринде учууга тыюу салынган аймактарды белгилөө Москва менен келишпестиктерди жаратат деди.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Азыркы учурда АКШ Сирияда учууга тыюу салынган аймактарды түзүү маселесин карабай жатканына себептердин бири Россия менен түз чырдашып кетүү коркунучу эсептелет деп билдирди шаршембиде Ак үйдүн расмий өкүлү Жош Эрнест.

"Мындай аймактарды түзүүнү биз азыр карай элекпиз. Бул маселенин каралар-каралбасын өзүңөр ойлонуп көргүлө", — деди ал. 

Мындай аймактарды түзүүнү колдоочуларга Эрнест алгач "алар кайсы жерде болушу керек деген башкы суроого жооп берүүнү" кеңеш кылды. 

"Түркиядагы биздин шериктештер баш болгон айрым тараптар түрк чек арасын бойлото ушундай учуусуз тилкелерди, айрыкча, Сириянын түндүк жана түндүк-чыгыш бөлүгүндө түзүүнү сунуш кылышкан. Башкалар болсо мындай зонаны Асад менен оппозициянын кагышуулары уланып жаткан өлкөнүн батыш тарабында түзүүнү колдойт", — деди Эрнест.

Ал мындай аймактарды кантип түзүү боюнча суроонун олуттуу экендигин айтты. 

"Эгер аны Дамаскка жана Идлиб провинциясына жакын түзсөңөр, ал тараптарда орустардын учактары жүргөндүктөн, Россия менен чатакташып кетишиңер мүмкүн", — деди Ак үйдүн өкүлү.

Ошону менен катар, мындай кадам "ири ресурстарды талап кыларын", атап айтканда, "ал аймактарды кайтара турган көп сандагы учактар жана аскерлер, техникалык кызматкерлер, өзгөчө кырдаал жаралса, тез чара көрө турган издеп жана куткара турган бригадалар" керек болорун айтты Эрнест.

"Андан тышкары, АКШнын Коргоо министрлиги Сирияда коргонуу системасы өнүккөн экендигин билдирген. Ошон үчүн бул өлкөдө учууга тыюу салынган аймактарды түзсөңөр, дал ошол системаларга туш болушуңар толук мүмкүн", — деп кошумчалады Эрнест.

Пентагондун экс-жетекчиси: АКШнын "Ислам мамлекетине" каршы стратегиясы ыраатсыз болчу
Владимир Путиндин Россиянын аскердик аба күчтөрүн чет мамлекетте колдонууга уруксат берүү өтүнүчүн Федерациялык Кеңеш колдоп берген. Россиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, өлкөнүн аскердик аба күчтөрү Сирияда "Ислам мамлекети" тобунун жайгашкан жерлерине абадан даректүү сокку уруу менен операцияларды баштаган. Россия Башар Асаддын жардам берүү өтүнүчүн аткаруу менен террористтерге каршы авиацияны гана колдоно турганын мурдараак Кремлдин администрация башчысы Сергей Иванов билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0