БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Күн системасындагы эң кичинекей планетада тоңгон суулар бар экени New Horizons спутниги аркылуу сүрөткө тартуу учурунда табылганын НАСА билдирди.
Муздар планетанын үстүңкү катмарын картографиялык сүрөткө тартуу учурунда New Horizons спутнигине орнотулган Ralph/Multispectral Visible Imaging Camera жана Linear Etalon Imaging Spectral Array (LEISA) визуализациялоо системасы аркылуу аныкталган.
Окумуштуулар планетаны изилдөөдө эмне себептен муздар анын үстүңкү катмарына чыгып калганына көңүл бурушат.