"Ислам мамлекетинин" башчысы күзөтчүлөрдү атууда жарадар болду

© AFP / JM LOPEZИМ мамлекетинин желеги. Архив
ИМ мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ирактын авиациясы жекшембиде өлкөнүн батышындагы Анбар провинциясында аль-Багдадинин кортежине ал "Ислам мамлекетинин башчыларынын жыйынына бара жатканда сокку урушту. Андан күзөттүн катарындагы эки командири өлтүрүлгөнү жөнүндө айтылат.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук тобунун лидери Абу Бакр аль-Багдади күзөтчүлөрүн атууда жарадар болуп, дагы эки талаа командири жок кылынганын жекшемби күнү Ирактын командалыгы билдирген.

Ирактын Аскердик аба күчтөрү кечээ, 11-октябрда өлкөнүн батышындагы Анбар провинциясында аль-Багдадинин кортежине ал "Ислам мамлекетинин башчыларынын жыйынына бара жатканда сокку урушту. Кийинчерээк Рейтер агенттиги медицина кызматкерлерине жана жергиликтүү тургундарга таянуу менен, абадан урулган соккудан каза болгондордун арасында аль-Багдади жок деп билдирген. 

"Абу Бакр аль-Багдади атышуу учурунда жарадар болгон. Андан тышкары, анын күзөтчүлөрүнүн ичинен эки командир өлтүрүлгөн. Алар Абу Камаль шаарында каржы каражаттары үчүн жооптуу Омар аль-Кубейси жана Ислам мамлекетинин лидерлеринин коопсуз кыймылын жөнгө салуучу Абу Саад аль-Карбули", — деп айтылат Ирак аскерлеринин билдирүүсүндө.

Ирак менен Сирияга бекем орношуп алган "Ислам мамлекети" учурда дүйнөнүн баш оорусу болуп турат. ЦРУнун маалыматында учурда ал жерде 30 миңге жакын согушкерлер бар. Ал уюм Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга жакын жайгашканын эске алганда, ал биздин өлкө үчүн да көйгөй жаратууда. Акыркы маалыматтарда Кыргызстандан Сирияга 400гө чукул киши кеткендиги айтылып келет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0