Гамбургер. Архив

Анорексияга чалдыккандардын мээси тамак жегенге кантип тыюу саларын окумуштуулар аныктады

366
(жаңыланган 16:20 13.10.2015)
Америкалык дарыгерлер анорексия оорусу менен жабыркагандардын мээсинин иштешине байкоо жүргүзүп, андагы кайсы бузулуулар адамга өлүм коркунучу алдында да тамак жедирбей турганын аныкташкан.

БИШКЕК, 13-окт – Sputnik. Нью-Йорктун нейрофизиологдору анорексия кандайча өрчүй турганын жана эмне үчүн бул оору менен жабыркаган эркектер менен аялдар өлгөнү жатса да, тамак жегенден баш тарта турганын аныкташты деп айтылат Nature Neuroscience журналында жарык көргөн макалада.

Нерв анорексиясы — тамак ичүүгө байланышкан оору, анда адам толуп кеткенден коркуп өз азыктануусун атайылап чектеп, ал тургай, таптакыр тамак жегенден баш тартып калат. Бул оору менен дүйнө боюнча аялдардын 1% пайызы жабыркайт, ал эми бардык психикалык дарттардан каза болгондордун 10%га жакынын ушул ооруга байланыштуу окуялар түзөт. Анарексиянын пайда болушуна маданий факторлор, стресс жана социалдык чөйрө таасир кылат деп эсептелип келген, бирок жакында эле окумуштуулар бул дарттын өрчүшүнө ESRRA гениндеги бузулуулар себепкер экенин далилдешти. 

Нью-Йорктун Колумбия университетинен (АКШ) Жоанна Стайнгласс жана анын кесиптештери бул оорунун келип чыгуу себептери нерв системасынын деңгээлинде экенин анорексияга кабылган он чакты аялдын жана ошол эле сандагы дени сак аялдардын мээсинин иштешине байкоо жүргүзүү аркылуу аныкташкан. Бул үчүн окумуштуулар эксперименттин катышуучуларын атайын лаборатторияда тамактанууга чакырышкан. Ал эми бул лаборатория нейрофизиологдорго мээнин айрым бөлүктөрүнүн иштешине анык убакыттык шартта байкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү бөтөнчө бир магниттик-резонанстык томограф болгон. 

Ар бир сеанс учурунда Стайнгласс жана анын кесиптештери сынактагыларга тамактын өтө майлууларынан баштап эң жеңилдерине чейинки түрлөрүн сунушташкан. Андан соң ким кайсы тамакты тандай турганына жана бул учурда алардын мээсинин иштеши кандай өзгөрөрүнө байкоо салышкан. 

Көрсө, анорексияга чалдыккан аялдардын мээсинде адамдын жүрүм-турумун жана көнгөн адаттарын башкарууга жооп берүүчү бөлүгү өтө активдүү болот экен. Нерв системасынын бул бөлүгүндөгү бузулуулар, макаланын авторлору түшүндүргөндөй, Туретт синдромунун өрчүшү менен байланышкан. Мындай учурда эрксиз жүрүм-турум, баңгиден көз карандылык жана башка бир катар дарттар пайда болот. Изилдөөчүлөр анорексияга эң жакын бузулуулар деп тырмагын кемирүү, булчуңдардын (көздүн) тартылышы жана трихотилломания (чачты жулгулоо) сыяктуу көрүнүштөрдү аташат.

"Биз карама-каршы адаттарды иштеп чыгууга негизделген жана биздин бейтаптарды анорексиядан арылта турган психотерапиянын жаңы ыкмаларын түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Анан калса, мээнин иштешиндеги мындай бузулууларды катар изилдөө аны менен күрөшүүнүн дары-дармектик жолун табууга да жардам берет", — дейт Стайнгласс.

366
Белгилер:
анорексия, илимий изилдөө, АКШ
Тема боюнча
Нарындагы пенсионерлер өлкө боюнча эң начар тамактанышат
Өлкөдөгү мектеп окуучуларынан үчтөн бирине ысык тамак берилүүдө