Спектаклдан көрүнүш. Архив

Окумуштуулар эмне үчүн психикалык оорулуулардын көзүнө кош көрүнө турганын аныкташты

379
(жаңыланган 15:48 14.10.2015)
Окумуштуулар шизофрения жана башка психикалык дартка чалдыккандар жок нерселерди көрүп, көзгө көрүнбөгөн бирөөлөр менен сүйлөшө алышына адамдын мээси көзгө көрүнүп турган нерсени "андан ары улап аягына чыгарууга" жана маалымат жетишсиз учурда окуяны алдын ала божомолдоого жөндөмдүү болушу себепкер экенин аныктады.

БИШКЕК, 14-окт. – Sputnik. Психикалык дартка чалдыккандардын мезгил-мезгили менен көзүнө бир нерсе көрүнүп же кулагына бир нерселер угулушу адамдын мээси көзгө көрүнүп турган нерсени "андан ары улап аягына чыгарууга" жана маалымат жетишсиз учурда окуяны алдын ала божомолдоого жөндөмдүү экенине байланыштуу деп айтылат Proceedings of the National Academy of Sciences журналына жарыяланган макалада. 

"Биздин көзүбүз конструктивдүү система, башкача айтканда, биздин мээ өзүбүз "көргөн" дүйнөнү жаратат. Ал биз көрүп турган нерсенин жетишпегендеринин баарын толуктап, андагы ашыкча нерселерди жана күтүүсүз нерселерди алып таштайт да, биз өзүбүз күткөн нерсени көрүш үчүн көп жолу "редакцияланган" көрүнүштү жаратат", — дейт Кристоф Тойфель (Christoph Teufel) Кардифф университетинен (Улуу Британия).

Тойфель жана анын кесиптештери мээнин "автоматтык түрдө оңдоп-түзөөгө" болгон дал ушул жөндөмү психикалык оорулуулардын көзүнө жок нерселердин көрүнүшүнө себепкер экенин аталган дартка чалдыккан 18 жана дени сак 18 ыктыярчынын мээсинин иштешине "Роршахтын тесттин" пайдалануу менен байкоо жүргүзүү аркылуу аныкташкан.

Эксперименттин алдында изилдөөчүлөр интернеттен бир нече сүрөттү көчүрүп алышкан. Алардын жарымында адамдар, жарымында пейзаж жана абстрактуу көрүнүштөр түшүрүлгөн. Ар бир сүрөттү кара-ак сөлөкөттөр менен сызыктар калгыдай кылып иштеп чыгышкан. Мунун аркасында жакшылап карамайынча сүрөттөгү адамдын жүзүн же денесинин башка бөлүктөрүн айрып көрүү мүмкүн болбой калган. 

Окумуштуулар эксперименттин катышуучуларына кагаздагы карала оймо-чиймелерди жакшылап карап, анда тартылган адамды сүрөттөп берүүнү сунушташкан. 

Ал эми тиги сүрөттөрдөн бир нерсени айрып көрүү мүмкүн болбогондуктан, окумуштуулар улам бир ийгиликсиз аракеттен кийин бир гана көз ирмемге баштапкы абалындагы сүрөттү көрсөтүп турушкан. Эксперимент көрсөткөндөй, дал ушундан кийин сүрөттө ким тартылганын психикалык ооруга чалдыккандар дени сактарга караганда тагыраак таба алышкан. 

Тойфелдин жана анын кесиптештеринин пикиринде, мындай натыйжалар шизофрения жана башка психикалык дарт менен жабыркап, көзүнө бир нерсе көрүнүп же кулагына жалган үндөр угулгандардын мээси, мурда айтылгандай, "иштебей калгандыктан" эмес экенин далилдейт. Чынында алардын мээси курчап турган чөйрөдөн жетишсиз маалымат келип жатат деп эсептеп, кабыл алынып жаткан көрүнүштөрдү өтө ашыкча активдүү "толуктап куроого" аракет кылат. Бул фактыны психозду дарылоо ыкмаларын иштеп чыгууда сөзсүз пайдалануу зарыл деген бүтүм чыгарат дейт макаланын авторлору.

379
Белгилер:
кош көрүнүү, дарт, психоз, психикалык абал, эксперимент, мээ
Тема боюнча
Айрым тамеки чегүүчүлөрдүн өпкөсү эмне үчүн таза болорун окумуштуулар аныктады
Кыргызстандын окумуштуулары шайлоону тынч өткөрүү боюнча кайрылуу жасашты