Христиандар храмында. Архив

Окумуштуулар: мээни магниттик нурлантуу кудайга болгон ишенимди мокотот

183
(жаңыланган 15:41 15.10.2015)
Нейрофизиологдор кызыктуу бир эксперимент жүргүзүп, магнит талаалары адамдын бөтөнчө бир күчтөргө ишенимин мокотуп, адамды мигранттарга чыдамдуулук менен мамиле кылууга мажбурлай турганын аныкташты.

БИШКЕК, 15-окт. – Sputnik. Британиялык окумуштуулар жана алардын америкалык кесиптештери мээни магнит талаасы менен нурлантуу кудайга жана башка өзгөчө күчтөргө ишенимди төмөндөтүп, ошондой эле мигранттарга болгон терс мамилени жумшартат деп айтылат Social Cognitive & Affective Neuroscience журналына чыккан макалада.

"Чечилбей турган же татаал көйгөйгө туш келгенде дайыма идеологияга кайрылат эмеспизби. Биз басып бара жатканда тоскоолдукту айланып өтүү сыяктуу практикалык маселелерди чечүүгө колдонулуучу мээнин бөлүгү идеологияга байланышкан абстрактуу маселени чечүүгө тиешеси бар-жогун аныктагыбыз келген", — дейт Калифорния университетинде (АКШ) иштеген Кейзе Ицума (Keise Izuma).

Ицума жана анын кесиптештери жогорку жана төмөнкү жыштыктагы магниттик таасирлердин жардамы менен мээнин тиги же бул бөлүгүнүн активдүүлүгүн "аралыктан" жандандыруу же басуу ыкмасы менен эксперимент жүргүзүшкөн.

Бул ыкма окумуштуулар менен дарыгерлерге бир катар бейтаптарды Паркинсон оорусунан, тамеки чегүү сыяктуу жаман адаттардан арылтып, ал турсун, эсепти оозеки тез чыгарганга жана жаңы тилдер менен сөздөрдү оңой өздөштүргөнгө үйрөтө алышкан. 

"Өзүбүздүн экспериментте өлүмдү адамдардын эсине салууну чечтик, себеби киши өлүп калышым мүмкүн деген учурда кудайга баарынан көп кайрылышат. Мээнин арткы бөлүгүндөгү активдүүлүктү басаңдатканыбызда, эксперименттин катышуучулары кудай жана диний идеалдар жөнүндө азыраак эскеришкен", — деп улантат окумуштуу.

Ицуманын айтымында, мээге мындай таасир берүү динге терең берилгендердин кудайга жана бөтөнчө күчтөргө ишенимин 32%га азайткан. Башкача айтканда, экспериментке катышкандар жогорку күчтөр жана алардын касташы – шайтан же дагы башка терс нерселер биздин жашообузга кийлигишип жатканына анча ишенбей калышкан. 

Мээдеги "күндөлүк тиричиликке тиешелүү чечимдерди кабыл алуу борбору" менен кудайга терең ишенимдин ортосундагы байланышты табуу менен, окумуштуулар анын активдүүлүгүн басаңдатуу тажрыйбасына катышып жаткандардын мигранттарга карата мамилесине жана улутчулдук маанайына таасир берер-бербесин текшерип көрүштү. Бул үчүн ар бир катышуучуга АКШны сындаган же мактаган ыр саптарын сунуштап, муну мыйзамсыз мигранттар жазды деп айтышкан. 

Жогоруда аталгандай мээге берилген таасирден эксперименттин өтө улутчул көз караштагы катышуучулары мигранттарга жумшагыраак мамиле кылып, алардын АКШга карата сын сөздөрүн тынчыраак кабыл алышкан. 

Жакынкы арада окумуштуулар экспериментти улантып, эмне үчүн мээнин аталган бөлүгү менен идеологиянын жана диндин ортосунда байланыш бар экенин, ошондой эле бул сезимдерди стимулияциянын жардамы менен, тескерисинче, күч алдырууга болор-болбосун аныктоого аракет кылышат.

183
Белгилер:
кудай, көйгөй, сезим, мээ, дин, мигранттар
Тема боюнча
Анорексияга чалдыккандардын мээси тамак жегенге кантип тыюу саларын окумуштуулар аныктады
Кытай жаштарынын үчтөн бири тамеки чегүүдөн өлүшү мүмкүндүгүн окумуштуулар айтууда