ФБР: АКШнын штаттары да "Ислам мамлекетинен" куру калган эмес

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүАКШнын желеги. Архив
АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ислам мамлекетине" азгырылып кеткен ар бир эле адам Иракта же Сирияда өлбөйт, ошондуктан террористтер өлкөгө кайтып келет деген коркунуч сөзсүз дагы беш жылдан ашык уданат деди АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун директору Жеймс Коми.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. "Ислам мамлекетинин" идеяларына азгырылган учурлар АКШнын бардык 50 штатында катталган деди ФИБдин директору Жеймс Коми ички коопсуздук боюнча өкүлдөр палатасынын комитетинде сүйлөп жатып.

"Бардык 50 штатта тең "Ислам мамлекетинин" идеялары менен радикалдашууга байланыштуу иликтөөлөр жүрүп жатат", — деп билдирди Коми.

Анын берген баасына ылайык, өлкөгө террористтердин кайтып келишине байланышкан коркунуч дагы беш жылдан ашык өкүм сүрөт. 

"Террористтин баары эле Сирия менен Иракта согуштан өлүп калбайт, ошондуктан алардын тобу Батыш Европа менен АКШга сөзсүз кайтып келет. Бул бизди күн сайын ойлонтуп жаткан коркунуч", — деди Коми.

АКШнын атайын кызматтарынын баасы боюнча, "Ислам мамлекетинин" террористтерине кошулуш үчүн Сирияга кеткен америкалык жарандардын саны жүздөп саналат. Акыркы үч жарым айда эле аталган экстремисттик уюмга кошулуш үчүн Сирияга кетүүгө жасалган алты аракеттин бети ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0