Футбол падышасы атыккан Пеле 75 жашка чыкты

© AFP / MONEY SHARMAФутбол падышасы атыккан Пеле. Архив
Футбол падышасы атыккан Пеле. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бразилиялык футболчудай эң көп гол киргизген оюнчу бүгүнкү күндө жок. Ал 1281 гол киргизген.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Жыйырманчы кылымдын тирүү легендасына айланган Пеле бүгүн 75 жашка толду. Эдсон Арантис ду Насименту (Пеле) 1940-жылы Минас Шерайс штатында (Чыгыш Бразилия) туулган.

21 жылдык профессионалдык карьерасында үч жолку дүйнө чемпиону болгон. Ал Либертадорес кубогун, Континенттер аралык кубокту жана Континенттер аралык суперкубокту утуп алган.

Футбол тарыхында Пеле эң көп гол – 1281 киргизген футболчу. Ал Европадагы клубдарда ойногон эмес. 1954-жылдан баштап ал бразилиялык "Сантос" клубунда ойногон. 1975-жылы америкалык "Нью-Йорк Космос" клубуна кеткен. Эки жылдан кийин ал футболдогу карьерасын аяктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0