Facebook тармагынын негиздөөчүсү жарыкка келе элек балдар үчүн мектеп ачат

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүFacebook социалдык тармагынын башкы директору Марк Цукерберг. Архив
Facebook социалдык тармагынын башкы директору Марк Цукерберг. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары Facebook социалдык тармагынын башкы директору Марк Цукерберг Калифорнияда ача турган мектептен акысыз билим ала алышат.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсү жана башкы директору Марк Цукерберг жубайы менен Калифорнияда төрөлгөндөн баштап окууну аяктап кеткичекти медициналык кароону камсыздап берүүчү окуу жай ача турганын билдирди.

Мектеп Facebook штаб-квартирасынан алты чакырым алыстыкта жайгашкан Ист Пало Альто шаарында ачылат. 

"Бул билим берүү менен медициналык тейлөөнү айкалыштырган жаңы форматтагы мектеп болот", — деп жазды Цукерберг өзүнүн баракчасына.

Архив: ФМК кызматкерлеринин текшерүүсү - Sputnik Кыргызстан
Россиянын Федералдык миграция кызматы Facebook аркылуу суроолорго жооп берет
Окуу жайды 2016-жылы ачуу пландаштырылууда. Биринчи кезекте мектеп өз эшигин жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн ачат, окутуу акысыз болот. Айрым учурда балдар төрөлгөнгө чейин эле мектепке кабыл алынып, көз жара турган энелер медициналык тейлөө менен камсыздалат. Мектептин алдында окуучулар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн медициналык борбор түзүлөрү окуу жайдын расмий сайтында айтылат.

"Ден соолук менен билим берүү тыгыз байланышта. Ооруп жаткан бала окуй албайт. Мектепте саламаттыгы начар балдардын саны акыркы күндөрү өсүп жатат", — дейт социалдык тармактын негиздөөчүсү.

Быйыл Кыргызстанда пландалган 25 мектептин ордуна 70 мектеп курулат
Буга чейин Цукерберг жубайы экөө Сан-Франциско шаарындагы жана анын айланасындагы мектептердин өнүгүшү үчүн өз чөнтөгүнөн 120 миллион доллар бөлүп бере тургандыгы маалымдалган. 

2012-жылы жубайлар The Chronicle of Philanthropy басылмасынын версиясы боюнча кайрымдуу адамдардын рейтингинде экинчи орунду ээлешкен. Учурда байлыгы 26,7 миллиард доллар деп эсептелген Цукерберг ал жылы Silicon Valley Community Foundation уюмуна билим берүү жана саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү максатында 500 миллион доллар бөлүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0