Тони Блэр: АКШ Иракка кол салбаса, балким ИМ пайда болмок эмес

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүУлуу Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр. Архив
Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри 2003-жылы Саддам Хусейнди бийликтен алуунун кесепеттерине жаңылыш баа бергени үчүн кечирим сурады.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. АКШ менен Улуу Британия башында турган коалициянын 2003-жылы Иракка кол салышы "Ислам мамлекети" террористтик тобунун жаралышына негизги себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу Улуу Британиянын ошол кездеги премьер-министри Тони Блэр CNN телеканалына берген маегинде айтты.

АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
ФБР: АКШнын штаттары да "Ислам мамлекетинен" куру калган эмес
АКШ менен Улуу Британия башында турган коалициянын аскерлери 2003-жылы жазында "Ирак эркиндиги" операциясынын алкагында Иракка кол салышкан. Мунун максаты — эл аралык террористтик уюмдар менен байланышы бар жана массалык өлүмгө алып келүүчү химиялык куралга ээ деп Вашингтон күнөөлөгөн Саддам Хусейнди бийликтен алуу болчу. Кийинчерээк бул өлкөдө андай курал жок экендиги тастыкталган.

Маек учурунда алып баруучу Блэрден "ИМ күч алып бара жатканын көргөн эл мунун негизги себеби катары Иракка кол салууну атап жатканына" кандай карайсыз деп сураган.

"Мында кайсы бир деңгээлде чындык бар деп ойлойм. Албетте, 2003-жылы Саддамды бийликтен алып салгандар 2015-жылдагы абал үчүн жооп бербейт деп айтууга болбойт", — деген Блэр.

Ошондой эле ал операциянын жүрүшүндө кетирилген каталар үчүн кечирим сурады. 

"Бизге келип түшкөн чалгындоо маалыматтары жалган болуп чыкканы үчүн кечирим сурайм. Ошондой эле пландоодогу кетирген каталар жана, албетте, Иракта төңкөрүштөн кийин эмне болорун жаңылыш түшүнгөнүбүз үчүн да кечирим сурайм. Бирок Саддамды (Хусейнди) алып салган үчүн кечирим суроо мен үчүн кыйын", — деди Блэр.

ЖМК: ИМдин балдар үчүн окуу базасы Стамбулда жок кылынды
1979-жылдан баштап Иракты башкарып келген Саддам Хусейн 2003-жылдын апрелинде бийликтен алынган. Ирактын Жогорку соту аны 1982-жылы болгон Ад-Дуджейль кыштагынын 148 тургунунун көз жумгандыгы үчүн айыптап, өлүм жазасына тартуу жөнүндө чечим чыгарган. Сот өкүмү 2006-жылдын декабрында аткарылган болчу. 

Daily Mail гезити 2001-2005-жылдары АКШнын мамлекеттик катчысы болуп турган Колин Пауэллдин жашыруун кат алышууларына таянуу менен, АКШнын экс-президенти Жорж Буш менен Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр Иракка кол салардан мурун Саддам Хусейнге каршы аскердик аракеттер жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү, бирок ошол эле учурда Блэр эл алдында дипломатия жөнүндө кеп кылып, аскердик кийлигишүүлөрдү четке кагып турганы жөнүндө да жазган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0