Түрк мамлекетинин желеги. Архив

Түркияда жол кырсыгына кабылган КР жараны реанимацияда

137
(жаңыланган 13:04 27.10.2015)
Кыргызстандыктар иштеген мейманкана дарыланууга кете турган чыгымды өздөрүнө аларын билдирди.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Түркиянын Анталья шаарында жол кырсыгына кабылган беш кыргызстандык жарандын бирөөсү Арслан Кулов реанимацияда экенин КР Тышкы иштер министрлиги Стамбулдагы консулдукка шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык болгон жерге келген "тез жардам" кызматы Дастан Бектеновго, Тилек уулу Бекзатка жана Мирбек Сураналиевге алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, коё беришкен. Ал эми Бакытбек уулу Бекбол менен Арслан Кулов Анталья шаарындагы "Яшам" ооруканасына жеткирилген.

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугунун берген маалыматы боюнча Бакытбек уулу Бекболдун сол колунун манжасы сынып, бетинен жаракат алган. Анын колуна гипс коюлуп, ооруканадан чыккан. Ал эми Арслан Кулов оор абалда реанимацияда жатат. Анын жакындары Антальяга келишкен.

Башкы консулдуктун маалыматы боюнча кыргызстандыктар "Симена Сан Клаб" мейманканасында иштеп келишкен. 26-октябрда алардын эмгек келишими аягына чыкмак. Алар 24-октябрда кетээр алдында Антальяда соода кылуу үчүн автобус менен жолго чыгышкан. Айдоочу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып кеткен.

Башкы консул менен сүйлөшкөн аталган отелдин өкүлдөрү Бакытбек уулу Бекбол менен Арслан Куловдун дарыланууга кеткен чыгымдарын өздөрүнө алууга макул болушкан. Ошондой эле, аларды мекенине жөнөтүү милдетин да моюндашкан.

137
Белгилер:
башкы консулдук, Тышкы иштер министрлиги, Анталья, Түркия
Тема боюнча
Түркиянын Анталия шаарында автобус ала салып, кыргызстандык беш жаран жаракат алды
Еревандын аянтындагы митинг

Еревандыктар премьер-министр Пашиняндын кетишин талап кылып көчөгө чыгышты

14
(жаңыланган 16:33 25.02.2021)
Пашиняндын рейтинги күзүндө Баку менен Тоолуу Карабах боюнча элдешүүгө кол койгондон кийин кескин түшүп кеткен. Анда Ереван үч райондон баш тартууга аргасыз болгон.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Еревандыктар премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып магистралдарды тосуп жатышат. Бул тууралуу armnews жазды.

Маалыматка караганда, жолдор эл тарабынан жабылгандыктан кыймыл токтоп калган.

Буга чейин Армениянын куралдуу күчтөр боюнча башкы штабы Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып, өзүнүн элине каршы күч колдонбоого чакырган. Кийин өкмөт башчысы башкы штабдын жетекчиси Оник Гаспарянды иштен алып, өзүнүн тарапташтарын өкмөт үйүнүн алдына чакырган.

Кийин өкмөт үйүнө парламенттин спикери Арарат Мирзоян, вице-спикер Ален Симонян, депутаттар жана министрлер кабинетинин мүчөлөрү келишкен.

Пашиняндын рейтинги күзүндө Баку менен Тоолуу Карабах боюнча элдешүүгө кол койгондон кийин кескин түшүп кеткен. Анда Ереван Кельбажар, Лачин жана Агдам райондорунан баш тартууга аргасыз болгон. Ошондон кийин Армениянын борборунда нааразычылык акциялары башталган.

14
Белгилер:
отставка, нааразычылык, Никол Пашинян, Баку, Ереван
Тема боюнча
Карабахтагы Россия-Түркия мониторинг борборунун келечеги кандай? Сереп
Президент Садыр Жапаров Россиянын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту

Садыр Жапаров Россиянын Мамдумасынын төрагасы менен жолукту

32
(жаңыланган 15:32 25.02.2021)
Садыр Жапаров жаңы тарыхтагы кыргыз-орус мамилелери бардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүдө кең келечекке ээ экендигин белгилеген.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Алар эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелерди тереңдетүүдөгү парламенттер аралык кызматташуунун ролу жөнүндө пикир алмашкан.

  • Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту
    Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Алар эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелерди тереңдетүүдөгү парламенттер аралык кызматташуунун ролу жөнүндө пикир алмашкан
    Алар эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелерди тереңдетүүдөгү парламенттер аралык кызматташуунун ролу жөнүндө пикир алмашкан
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Мамдума төрагасы Башмыйзамдын долбоорунда орус тилинин расмий статусу сакталып калгандыгын канааттануу менен белгилеген
    Мамдума төрагасы Башмыйзамдын долбоорунда орус тилинин расмий статусу сакталып калгандыгын канааттануу менен белгилеген
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Ал эми президент Садыр Жапаров жаңы тарыхтагы кыргыз-орус мамилелери бардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүдө кең келечекке ээ экендигин белгилеген
    Ал эми президент Садыр Жапаров жаңы тарыхтагы кыргыз-орус мамилелери бардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүдө кең келечекке ээ экендигин белгилеген
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 4
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту
"Володин Садыр Жапаровду жылуу кабыл алып, бул иш сапары эки тараптуу алакаларга, анын ичинде эки өлкө парламенттеринин ортосундагы мамилелерге жаңы дем берет деген ишенимин билдирди. Вячеслав Володин Кыргызстан менен Россия стратегиялык өнөктөш болгондуктан диалогду парламенттер аралык платформаларда гана эмес, эки парламенттин тармактык комитеттеринин алкагында да өнүктүрүү өзгөчө маанилүү экендигин баса белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Мамдума төрагасы Баш мыйзамдын долбоорунда орус тилинин расмий статусу сакталып калгандыгын канааттануу менен белгилеген.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Орус тили окутулган жана расмий тил катары колдонулган өлкөлөрдүн жарандарына Россиянын аймагында бир катар жеңилдиктер каралган. Мындай мүмкүнчүлүктөр Кыргызстан менен Беларустун жарандары үчүн жеткиликтүү", — деген Володин.

Ал эми президент Садыр Жапаров жаңы тарыхтагы кыргыз-орус мамилелери бардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүдө кең келечекке ээ экендигин белгилеген. Ал өз ара пайдалуу жана ишенимдүү союздаштыкка жана стратегиялык өнөктөштүккө эки тарап тең эч качан шек келтирбегенин кошумчалаган.

"Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосундагы парламенттер аралык диалог натыйжалуу экенин, ал саясий, соода-инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы алакаларды өнүктүрүүгө кошумча дем берерине бекем ишенерин билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Президент Садыр Жапаров жаңы чакырыктар менен коркунучтарга, анын ичинде вирус коркунучуна карата, ошондой эле эл аралык терроризм менен экстремизмге каршы күрөшүүдө жана коопсуздукту камсыз кылууда эки өлкөнүн парламенттеринин күч-аракетин бириктирүү маанилүү экенин кошумчалаган.

32
Белгилер:
Мамлекеттик Дума, Вячеслав Володин, Садыр Жапаров, Кыргызстан, Россия
Тема:
Садыр Жапаровдун Россияга сапары
Тема боюнча
Байланышты өнүктүрөлү. Жапаров Татарстан президенти Минниханов менен жолукту. Сүрөт
Жапаров Москвадагы кыргызстандыктарга жолукту. Сүрөт
Россия рубли. Архив

Россия Кыргызстанга экономиканы көмүскөдөн чыгарууга 623 млн. сом берет

0
(жаңыланган 16:39 25.02.2021)
Кыргыз өкмөтү 2019-жылы жардам сурап кайрылган. Бул боюнча тийиштүү документтер даярдалып, президент Садыр Жапаровдун сапарынын алкагында келишимге кол коюлду.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Россия техникалык жардам катары Кыргызстанга товарларды маркировкалоо системасын түзүү үчүн 623 миллион рублга идентификациялоо жабдууларын алып берет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Өнөр жай жана соода министрлигинин сайтында маалымдалат.

Билдирүүгө ылайык, кыргыз өкмөтү 2019-жылы жардам сурап кайрылган. Бул боюнча тийиштүү документтер даярдалып, президент Садыр Жапаровдун сапарынын алкагында өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду.

Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров Россияда бул система ийгиликтүү иштеп жатканын белгилеген.

"Бул бюджетке кошумча салыктардын түшүшүн, рыноктун тазалыгын камсыздап жана ак ниет өндүрүшчүлөрдүн көмүскө сегменттин атаандаштыгынан коркпой рынокко чыгышына шарт түзөт. Ал эми керектөөчүлөр үчүн сапаттуу жана ден соолукка коопсуз товар алууга, келечекте ЕАЭБдин аймагындагы бардык товарды бирдиктүү система менен текшерүүгө мүмкүнчүлүк жаралат", — деди министр.

Ал эми Кыргызстандын экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков бул макулдашуу эки тараптуу байланыштарды жандандырууга маанилүү кадам болоруна ишеним артты.

Аталган системаны түзүүгө 1,5 жыл убакыт кетет. Бул жумуштарды Россиянын Өнөр жай жана соода министрлиги мамлекеттик келишимдер аркылуу аткарат.

0
Белгилер:
Улукбек Кармышаков, товар, жардам, Россия, Кыргызстан
Тема:
Садыр Жапаровдун Россияга сапары
Тема боюнча
Россия Кыргызстанга кайтарымсыз 5,2 млн. доллар бөлдү
Садыр Жапаров Россияга барганда Евразия фондунан 100 млн. доллар кредит сурайт