Түркиядан Грецияга келе жаткан беш мигрант бала чөгүп кетти

© AFP / ARIS MESSINIS Европага келүүгө аракет кылган качкындардын баласы. Архив
Европага келүүгө аракет кылган качкындардын баласы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Миграция боюнча эл аралык уюм Түркиядан Грецияга карай жол катуу шамал менен туруксуз аба ырайынан улам өтө кооптуу экенин белгилейт. Октябрь айынын акырына карата Грецияга 560 миң 683 мигрант келген.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Түркиядан Грецияны көздөй Жер ортолук деңиз аркылуу келе жаткан мигранттардын кайыгы чөгүп, кеминде беш бала каза болгонун Франс Пресс агенттиги билдирди.

Сууга чөгүп кеткен сириялык баланын атасы: баары менин көз алдымда болду
Мындан тышкары, төрт кайыктагы 200гө чукул мигранттын экөөсүнүн чөгүп кеткени айтылууда. Сууда калган адамдардын саны азырынча тактала элек, куткаруу иштери улантылып жатат. 

Буга чейин Миграция боюнча эл аралык уюм жыл башынан бери суу аркылуу Европага 704 миң 227 адам келгенин маалымдаган. Мында 3257 киши набыт болуп же дайынсыз жоголуп кеткен. Бул былтыркы жылдын ушул маалына карата бир кыйла жогорку көрсөткүч.

Аталган уюм Түркиядан Грецияга карай жол катуу шамал менен туруксуз аба ырайынан улам эң кооптуу экенин белгилейт. Октябрь айынын акырына карата Грецияга 560 миң 683 мигрант келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0