Кымбат баалуу буюмдары менен кошо көмүлгөн жоокердин сөөгү табылды

© flickr.com / suddenmovementsПилос шаары. Архив
Пилос шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал жерде көмүлгөн жоокер аттуу-баштуу киши болгону көрүнүп турат. Кыязы, 30-35 жашында өлгөн.

БИШКЕК, 29окт. — Sputnik. Акыркы 65 жылдан берки эң сейрек археологиялык ачылыш Грецияда жасалды. Биздин доорго чейин 1500 жылдай мурун көмүлгөн жоокердин сөөгү Пелопоннестин түштүк-батышындагы Пилос шаарынан табылды деп билдирет өлкөнүн маданият министрлиги.

Жек Дэвис жана Шэрон Стокер башчылык кылган эл аралык археологдор тобу өткөн жайда эле казып чыккан буюмдар "өлкөнүн континенттик бөлүгүндө акыркы 65 жылдан берки эң ири табылга" деп аталган.

Баалуу металл менен шугулдангандардын жоопкерчилик чарасы жөнгө салынат
Жоокердин көрүстөнү Нестор падышасынын сарайынын алыс эмес жерде жайгашкан. Анда 1400дөн ашык артефакт, алардын ичинде кымбат баалуу болуп эсептелген: сабы пилдин сөөгүнөн жасалып, алтын менен капталган коло кылыч, коло идиштер, амфоралар, алтын төрт шакек, эки алтын жана алты күмүш кумара, күмүш идиштер, алтын чынжыр, кудайлардын жана түрдүү жаныбарлардын элеси түшүрүлгөн баалуу таштап табылган. 

Ал жерде көмүлгөн жоокер аттуу-баштуу, беделдүү киши болгону көрүнүп турат. Кыязы, 30-35 жашында өлгөн. 

Бул табылгалар, археологдордун пикиринде, баалуу жана зергер буюмдар аял менен гана кошо көмүлчү деген мурдатан бери айтылып келе жаткан маалыматты четке кагат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0