Кытай АКШга Түштүк-Кытай деңизинде согуш башталуу коркунучу жөнүндө эскертти

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүТүштүк-Кытай деңизи. Архив
Түштүк-Кытай деңизи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайдын адмиралы У Шэнли америкалык кесиптеши менен видеоконференция учурунда аталган аймактагы АКШнын аскердик деңиз күчтөрү жасап жаткан аракеттерди "көкүтүүчүлүк" деп атады. Ал эми Пентагон мындай операциялар дагы кайталанышы мүмкүндүгүн айтат.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кытайдын Аскер-деңиз күчтөрүнүн башчысы адмирал У Шэнли Вашингтодун Түштүк-Кытай деңизинде жасагандарын "көкүтүүчүлүк" деп атап, "кичинекей эле окуя согушка алып келиши" мүмкүндүгүн айтты деп билдирет Рейтер агенттиги.

Кытай адмиралы мындай билдирүүнү бейшембиде америкалык кесиптеши адмирал Жон Ричардсон менен видео байланыш учурунда жасады. 

Какчекеев: күрд автономиясына Түркиянын каршылыгы анын АКШ менен мамилесин бузбайт
АКШнын өкүлү мындан мурдараак тараптар аймакта чыр-чатакка жол бербөө үчүн сүйлөшүү жүргүзүү жөнүндө макулдашканын айткан эле.

Кытайдын ТИМи шейшембиде билдиргендей, америкалык Lassen аскер кемеси Пекиндин уруксатысыз эле талаштуу деп эсептелген Наньша (Спратли) аралдарына жакын жерден Түштүк-Кытай деңизине кирип барган. Аталган аралдарды Кытай өзүнүкү деп эсептейт. Бул аракеттер Кытайдын көз карандысыздыгына шек келтирүүдө деп эсептеп, КЭРдин Тышкы иштер министрлиги АКШга каршылык билдирди. 

Пентагон Түштүк-Кытай деңизинде операция болгонун ырастап, бул дагы кайталанышы мүмкүн экенин айткан. Коргоо министри Эштон Картердин сөзүнө караганда, операциялар "жакынкы жумаларда жана айларда жүргүзүлмөкчү". Эгер эл аралык укукка туура келет деп эсептей турган болсо, АКШ деңиз күзөтүн ишке ашырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0