Базардагы өрттө он беш киши күйүп кетти

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүӨрт өчүрүү кызматы. Архив
Өрт өчүрүү кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Замбоанга шаарында өрт бир нече саат өчпөй, адам өмүрүнө зыян алып келди.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Филиппиндин Замбоанга шаарында чыккан өрттөн 15 киши, анын ичинде бир кичинекей бала каза тапты. Бул туурасында Ассошиэйтед Пресс кабарлайт.

Өрттөн улам жарыксыз калган аймактарга электр энергиясы берилди
Кырсык бүгүн таң эртең менен болгон. Жергиликтүү бийликтин өкүлү Ангелито Касимиро өрт үч саатка чейин өчпөй турганын айтты. 

Алдын ала алынган маалыматтарда өрт көчөдө турган күндөн, жамгырдан коргоо үчүн орнотулган чатырларга жармашып, андан соң кийим-кечек саткан базарга өткөн. 

Полициянын айтымында, тилсиз жоодон негизинен эртең мененки соодага даярданып жаткан сатуучулар өлгөн. Ал эми 13 киши ар кыл жараттарды алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0