Парламенттик шайлоодо "Жаңы Азербайжан" партиясы жеңди

© Sputnik / Айдын Октай / Медиабанкка өтүүАзербайжанда болгон шайлоо процесси.
Азербайжанда болгон шайлоо процесси. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азербайжан БШКнын башчысы азыркы маалыматтар шайлоо участокторунун 91 пайызынан алынган жыйынтык экендигин айтты.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Жекшембиде президент Ильхам Алиевдин "Жаңы Азербайжан" деп аталган башкаруучу партиясы парламенттеги шайлоодо 125 орундан кеминде, 68ин камсыз кылып, алдыга чыкты. Бул туурасында Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Мазахир Панахов билдирди. Ал 125 шайлоо округунун 108 индеги добуштар саналганда эле, аталган партиянын алдыга чыгары белгилүү болгондугун айтты.

БШК башчысы мажоритардык округдарда жеңишке жеткендердин аты-жөнүн окуп, бирок, кайсы саясий бирикмеге таандык экендигин айткан жок. БШКнын сайтына жарыяланган тизмеден аны ачыктап алууга болот.

БШКнын башчысынын айтымында, айтылган маалыматтар шайлоо участокторунун 91 пайызынан алынган жыйынтык.

"Учурда 5056 участоктордон алынган бюллетендер саналып чыкты",— деди Панахов.

Бүгүн Азербайжанда парламенттик шайлоо өтүп жатат
Ал жекшемби кечинде акыркы жыйынтык бүгүн жарыяланарын айтты.

Азербайжандын парламенти – Милли Межлис бир палаталуу мыйзам чыгаруучу орган болуп саналат. Анда 125 депутат бар. Алар мажоритардык система аркылуу шайланат. Өлкөнүн аймагы бир мандаттуу 125 округга бөлүнгөн. Талапкерлерди партиялар жана саясий блоктор, демилгелүү топтор көрсөтө алат. Ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү да каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0