Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр. Архив

Клинтондун жашыруун кат алышуусу: Блэр Каддафини коргоого аракет кылган

118
(жаңыланган 16:00 21.02.2016)
Блер кызматынан кетүүнү суранган үчүн аны Ливиянын лидери чыккынчы деп күнөөлөгөн деп жазат Британиянын мурдагы премьери. Клинтондун каттарында 2010-жылдагы окуяларга байланыштуу Кыргызстан жөнүндө да сөз болгон.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Хиллари Клинтон АКШнын мамлекеттик катчысы болуп тургандагы каттары ачыкка чыккандан кийин Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр 2011-жылы Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин бийлигин сактап калууга аракет кылганы маалым болду деп жазат Британиянын The Daily Mail гезити. 

Басылманын маалыматы боюнча, Тони Блэр кызматта турганда Каддафи менен бир нече жолу телефон аркылуу байланышып жана Клинтондон ливиялык лидерди "басмырлабоону" өтүнгөн. 

2011-жылы 9-августта жазган катында Блэр Клинтонго Каддафинин оң колу "акыл-эстүү киши" деп жазган. Гезиттин божомолунда, ал киши Ливиянын ошол кездеги тышкы иштер министри, Каддафи өлгөндөн кийин Британияга качкан Муссе Куссе же чалгындоо кызматынын башчысы Абдалле Сенусси болушу мүмкүн.

"Мага Каддафинин "оң колу" телефон чалып, сүйлөшүүлөр кандай жүрүп жатканын сурады. Ал К-нын атынан (гезиттин бүлдүрүүсү боюнча, бул — Каддафи) чалып жатам деди. Мен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн ал бирөөнү дайындашы керектигин айттым. Ошондон кийин мен биздикилерге кабарлап жана сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн карайм дедим", — деп Блэрдин Клинтонго жазган катынан келтирет гезит.

Ошол эле жылдын 3-мартында жиберилген каттарында болсо Блэр АКШнын мамлекеттик катчысына Каддафи ага бийликтен кетүүнү сунуштаганы үчүн Блэрди чыккынчы деп күнөөлөп, аны менен сүйлөшүүдөн баш тартып жатканын билдирген. 

Британия өкмөтүнүн мурдагы башчысы өз катын, эгер Каддафини кемсинтпей турган ыкмаларды тапса, ал сүйлөшүүгө макул болот деп бүтүргөн. 

Клинтондун мурдараак ачыкка чыккан чуулгандуу каттарында Кыргызстандагы абал да талкууланганы белгилүү. Аларда биздин республика америкалык серепчилердин, юристтердин отчетторунда, РФтин Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүүлөрдө эскерилгени айтылат. Каттарда 2010-жылы КРдин түштүгүндөгү улуттар аралык мамилелерге байланышкан кырдаал боюнча жасалган иштердин кенен отчеттору, талдоочулардын баалары жана кеңештери камтылган. 

Андан тышкары, каттарда Кыргызстандын оппозициясы жана КРдин президенттик аппаратынын башчысы Медетбек Садыркуловдун өлүмү жөнүндө маселе да козголгон.

118
Белгилер:
Хиллари Клинтон, Муаммар Каддафи, Тони Блэр
Тема боюнча
Хиллари Клинтондун тамашасы: мен адам эмесмин
Тони Блэр: АКШ Иракка кол салбаса, балким ИМ пайда болмок эмес

Атаандашын башка чапкан Месси биринчи жолу кызыл айып кагазын алды. Видео

16
Аргентиналык футболчу командалашына топту өткөрүп берип, чабуулду коштоп чуркаган. Бул учурда Асьер Вильялибр менен кагылыша кеткен.

"Барселона" клубунун капитаны Лионель Месси бильбаолук "Атлетик" командасы менен Испаниянын суперкубогунун финалында орой оюну үчүн беттештен куулду. Бул тууралуу Р-Спорт маалымат булагы жазды.

Чыр кошумча бөлүктүн экинчи, 15 мүнөттүк таймынын акыркы ирмемдеринде чыккан. Аргентиналык футболчу командалашына топту өткөрүп берип, чабуулду коштогону чуркаган. Бул учурда Асьер Вильялибр менен кагылышып, аны башка чаап, кулатып салган.

Севильяда өткөн чечүүчү беттеште "Атлетик" 3:2 эсеби менен утуп, Испаниянын суперкубогун алды.

Интернеттеги жеткиликтүү маалымат базасы менен алектенген Gracenote компаниясы Месси "Барселона" клубундагы карьерасында өткөргөн 753 беттешинде биринчи ирет кызыл айып кагазын алып, оюндан четтетилгенин Twitter баракчасында белгиледи.

16
Белгилер:
Испания, "Атлетико" командасы, Барселона ФК, Лионель Месси
Тема боюнча
Контрчабуулду куулук менен токтоткон швециялык футболчу жазаланды. Видео
Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбеков. Архив

Жоламан Шаршенбековдой эч качан багынбаш керек! UWW балбан тууралуу ролик даярдады

106
(жаңыланган 12:21 18.01.2021)
Тасмада балбандын акыркы жылдардагы бир катар ири мелдештердин финалында жеңилүү ызасын тартып, жер муштаган учурлары эскерилген.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Дүйнөлүк күрөш уюму (United World Wrestling) кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбековго арнаган ролик жарыялады. "Эч качан багынба" аталышындагы тасманы UWW өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от United World Wrestling Asia (@uww.asia)

Анда балбандын акыркы жылдардагы ири мелдештерде финалга чыгып, алтын байге үчүн жеңилүү ызасын тартып, жер муштаган учурлары эскерилген. Ролик Жоламан Шаршенбековдун 2020-жылы өткөн дүйнө кубогу мелдешинде жеңүүчү болуп, кубанычы койнуна батпай секирип жаткан учуру менен аяктаган.

Эске салсак, 2017-жылы Темпереде өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында кыргыз балбаны финалда түркиялык Керем Камалга жеңилип калган. 2018-жылы Венгриянын Будапешт шаарында өткөн чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында Жоламан 55 килограмм салмакта күрөшүп, финалда азербайжан балбаны Элдениз Азизлиге утулуп, күмүш медаль тагынган. 2019-жылы болсо 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпионатынын финалында армениялык Армен Меликянга утулуп, жер муштап калган болчу.

Ал эми 2020-жылы Жоламан Шаршенбеков Дүйнө кубогунда финалга чыгып, россиялык дүйнө чемпиону Степан Марянянды утуп, алтын тагынды.

Эске салсак, UWW уюму Жоламан Шаршенбековдун машыгууларын, анын спортчу катары өзгөчөлүктөрүн белгилеп, өз баракчасына жарыялап келет.

106
Белгилер:
ролик, грек-рим күрөшү, Жоламан Шаршенбеков
Тема боюнча
Жоламандын күрөшүнө олимпиаданын эки жолку чемпиону Роман Власов баа берди
Адамгерчилиги бийик экен! UWW Айсулуунун аракетин жылдын жагымдуу учуру деп атады
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев. Архив

Аспеков Жапыкеевге 50 миң доллар берүүгө камынганбы? Финпол жооп берди

0
(жаңыланган 13:03 18.01.2021)
Азыркы тапта Жапыкеев Бишкек ТЭЦинин ишин текшерип жүрөт, ал тууралуу айтылган кептер карандай калп.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеевдин айланасындагы кептер боюнча аталган органдын маалымат кызматы комментарий берди.

Белгилей кетсек, айрым ЖМКлар "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигин опузалап 250 миң доллар талап кылды деп кармалган Мелис Аспеков өз көрсөтмөсүндө 50 миң долларын Жапыкеевге бермек болгонун айтканын жазган. Ошондой эле Финполдун төрагасы жакында камалары туурасында кеп тарады.

Финполдун маалымат кызматы айтылгандардын баары тастыкталбаган, карандай калп экенин билдирди.

"Учурда Финансы полициясы тарабынын коррупция, экономикалык жана финансылык кылмыштар менен күрөш тынымсыз жүрүп жатат. Жогорку рангдагы аткаминерлер аралашкан резонанстуу кылмыштуу схемаларды аныктап, алдын алууда. Мындан улам биздин кызматтын жетекчилигине көө жабууга аракет кыла башташты. Андай учур дагы кайталанашы мүмкүн, бирок биз ишти токтотпойбуз. Эң башкысы — элдин ишеними жана колдоосу керек", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Аспековдун көрсөтмөсүндө айтылгандар чындыкка дал келбей турганы белгиленет.

Маалымат кызмат азыркы тапта Жапыкеев Бишкек ТЭЦинин ишин текшерип жүргөнүн кошумчалады.

0
Белгилер:
ушак, көрсөтмө, финансы полициясы, Сыймык Жапыкеев
Тема боюнча
Жапыкеев: пандемияда иштеген аткаминерлердин баары сурак берип, көбү камалат
Илдетим күчөп кетти. Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеев ооруканага түштү