Европа жана Азия медиаларынын сегизинчи форуму Москвада өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековМосква шаарындагы Кызыл аянт. Архив
Москва шаарындагы Кызыл аянт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕАМФ форуму Россиянын алдыңкы медиаменеджерлери менен белгилүү журналисттеринин катышуусундагы пленардык отурум менен ачылмакчы.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. "Россия сегодня" ЭМА тарабынан уюштурулуп жаткан Европа жана Азия медиаларынын форуму (ЕАМФ) 10-ноябрда Москвада өтөт. ЕАМФ-2015 темасы "Туруксуз дүйнөдө туруктуу шериктештик" деп аталат. Иш-чарага мурдагы совет мейкиндигинде орун алган 14 мамлекеттин (Азербайжан, Армения, Белоруссия, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Латвия, Литва, Молдова, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Украина, Эстония) абройлуу жана белгилүү ЖМКлардын башкы редакторлору менен топ-менеджерлери, ири телерадиокомпаниялардын жана интернет-порталдардын жетекчилери, медиа ишкердиги боюнча эксперттери жана белгилүү журналисттери катышат. 

ЕАМФ-2015 күн тартибиндеги башкы маселе — учурдагы саясий жана экономикалык процесстердин шартында мурдагы СССР өлкөлөрүнүн ЖМКларынын өз ара аракеттешүүсү болмокчу. Форумдун катышуучулары медиа менен бийликтин диалогуна, евразиялык интеграция алкагында маалыматтык өз ара аракеттешүү стратегиясын иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бөлөт. Учурдагы маалыматтык согуштар жана алардын кесепеттери, ошондой эле маалымат булактары аркылуу жайылуучу коркунучтарга каршы туруунун жол-жоболорун табуу аракеттери курч талкуулардын болушуна шарт түзөт. 

Түрк тилдүү мамлекеттердин IV медиа форуму өттү
Европа жана Азия медиаларынын сегизинчи форуму Россиянын алдыңкы медиаменеджерлери менен белгилүү журналисттеринин катышуусундагы пленардык отурум менен ачылмакчы. Форумдун алкагында үч тематикалык дискуссия өткөрүү каралган. Алар "Евразиялык маалымат мейкиндиги: сыноолор жана коопчулуктар", "Медиаиндустрия: аудиторияны жана өз имиджди сактап калуу", "Туруксуз дүйнөдө туруктуу шериктештик" деп аталат. 

Иш-чарага катышуу үчүн ЖМКларды аккредитациялоо "Россия сегодня" ЭМАнын расмий сайтында ачылган

Европа жана Азия медиаларынын форуму (ЕАМФ) – КМШ, Балтика өлкөлөрүнүн жана Грузиянын алдыңкы медиэкспреттерин медиаиндустриянын өрчүү багыттарын талкуулоо жана андагы процесстерге алдын ала көз жүгүртүү үчүн чогулта турган, мурдагы совет мейкиндигиндеги кайталангыс аянтча болуп эсептелет. Форум 2006-жылдан бери өткөрүлүп келет. Биринчи төрт жылда форумдар Москвада өтүп, андан соң аны Киев, Астана, Минск кабыл алган. 2011-жылы Астанада өткөн ЕАМФтин катышуучуларына Россия менен Казакстандын президенттери Дмитрий Медведев жана Нурсултан Назарбаев кайрылуу жасап, мурдагы совет аймактарындагы маалымат мейкиндигинде оң өрчүүлөрдүн жүрүшүнө кызыга тургандыктарын баса белгилешкен эле. 2012-жылы Минскте КМШ өлкөлөрүнүн башкы редакторлор клубунун журналисттери менен Белоруссиянын жетекчиси Александр Лукашенко жолуккан. ЕАМФ–2015 мурдагы жылдардын салтын улай, өз аянтчасын ачык диалог жүргүзүп, тажрыйба алмашуу үчүн берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0