NASA Марска учууну каалагандардан арыз ала баштайт

© NASA/ JPL/University of ArizonaМарс планетасы. Архив
Марс планетасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Космос агенттиги 2015-жылдын 14-декабрынан келерки жылдын февралына чейин астронавт болууну каалагандар арасында ачык тандоо жүргүзмөкчү. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси 2017-жылы белгилүү болот.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Марска ичинен башкарылуучу кеме жөнөтүү миссиясынын алкагында NASA Кызыл планетага барып келүүнү каалагандардан арыздарды кабыл алуу мөөнөтүн жарыялады. Талапкерлердин анкеталары 2015-жылдын 14-декабрынан келерки жылдын февралына чейин каралат.

Марс планетасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Opportunity Марстагы кышка даярданууда
Тандалгандардын ким экендиги 2017-жылдын ортосуна чейин белгилүү болот.

Космос агенттиги болочок астронавттарга бир катар талаптарды коёт. Ага ылайык, талапкердин инженерия, биология, физика же математика боюнча жогорку билими болушу зарыл. Дагы бир учур — Американын жараны болушу керек.

Ага кошумча адистиги боюнча үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасын тастыктаган же реактивдүү учактын командири катары миң сааттан кем эмес абада учканын далилдей турган документи талап кылынат. Агенттиктин билдирүүсүндө талапкерлер ден соолугу бекемдигин жана узакка созулган учууларды көтөрө ала турганын далилдеп, NASAнын атайын тестинен өтөрү айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0