Кан анализи. Архив

Окумуштуулар биринчи жолу бейтапты ак кандын оор түрүнөн айыктырышты

128
(жаңыланган 14:11 08.11.2015)
Улуу Британиянын дарыгерлери гендик терапиянын негизинде бир жашар кызды айыккыс деп эсептелген ак кан оорусунан сакайтышты. Наристенин организми инфекциялардан коргонуу үчүн "бөлөк" иммундук клеткалар менен пайдаланууну үйрөндү.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Британиялык медиктер дүйнөлүк медициналык тажрыйбада гендик терапия технологиясынын жардамы менен ак кандан айыккан учур тууралуу жар салышты. Бул тууралуу Nature журналы билдирди.

"Биз биринчи тесттерди 10-12 кишиден турган ыктыярчылар менен эмдиги жылы баштайлы дегенбиз. Бирок буга чейин эч нерсе жардам бере албаган ымыркай тууралуу укканда бул тажрыйбага атайын уруксат алдык. Жети ай өттү, учурда наристенин абалы дурус", — деди Лондондогу госпиталдык дарыгери Васим Касим.

Касимдин айтымында, гендик терапия ак кандан биротоло арылтпайт, болгону дарыгерлер жүлүн алмаштырууга туура келген талапкер тапкычакты бейтаптын өмүрүн сактап турат.

Мында кичине кызга Т-клеткаларга кирүүгө жөндөмдүү вирус жардам берди. Аталган клеткаларды иштеп чыгып, британиялык биологдор кыздын өзүнүн иммундук клеткаларын жоготуп туруп, аны канына куйган. Басылма бул эксперименттин ийгиликтүү ишке ашышы адамзат тарыхында гендик инженериянын оору менен күрөшүүдө пайдаланылган экинчи учуру экенин белгилейт. 

Тажрыйбаны ишке ашыргандар бул процедурадан өткөн ВИЧ оорулуулар антиретровирустук дары-дармек ичпей, иммунодефициттен жабыр тартпай калганын маалымдашты. 

128
Белгилер:
Улуу Британия, дарыгер, вирус, терапия, ак кан
Тема боюнча
Ош шаарында кутурган ит төрт кишини тиштеп, алар ооруканага түштү
Мэрия оор шартта жашаган балдарга жардам берүүдө
Россия-казак чек арасындагы өткөрмө бекетте чек арачы. Архив

Россияга товарларды Казакстан аркылуу ташуу. Жаңы эреже макулдашылды

381
(жаңыланган 23:13 25.10.2021)
Эрежеге ылайык, Кыргызстандан Казакстанга же Россияга барып, кайра келчү транзиттик жүк ташуучу унааларга казак тарап көзөмөл-кароо иш-чараларын жүргүзбөйт.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан Россияга коңшу мамлекет (Казакстан) аркылуу товар жөнөтүү боюнча жаңы эрежени сүйлөштү.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, 22-октябрда Кыргызстандан Казакстан менен Россияга барган жана ал жактан келген товар менен автоунааларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү тартибине кол коюлган.

Министрдин орун басары Эльдар Алишеров бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү жана жүк ташуучулар менен жолугуп, бул эрежеде эл аралык жүк ташууда электрондук идентификаторлорду (навигациялык пломба) колдонуу каралгандыгын белгилеген.

Эрежеге ылайык, Кыргызстандан Казакстанга же Россияга барып, кайра келчү транзиттик жүк ташуучу унааларга казак тарап көзөмөл-кароо иш-чараларын жүргүзбөйт.

"Ошол эле учурда ата-мекендик экспортчулар сөзсүз түрдө экспорттук операция боюнча эсеп-фактураларын (ЭСФ) алып жүрүшү керек. Эгерде чек арадан өтөрдө ЭСФ жок болсо, Казакстандын Финансы министрлиги жүк ташуучу автоунааларды кайра Кыргызстанга жиберүүгө укуктуу", — деп жазылган маалыматта.

Казак тарап өлкө аймагына автоунааларды киргизүүдө жүк ташуучу унааларды текшербей эле аларга навигациялык пломбаларды орнотуп коёру кошумчаланды. Алишеровдун айтымында, Кыргызстандан Казакстанга барчу жүк ташуучу автоунаалар эреже бузса, барчу жерине жеткенде кошумча көзөмөлдөн өтөт.

381
Белгилер:
Кыргызстан, Казакстан, жүк ташуучу унаа, Россия, эреже
Тема боюнча
Кошумча нарк салыгы былтыркыдан 10 млрд. сомго арбын чогулду. Себеби
Тартыштык 9,1 миллиард сом. Кыргызстандын 2022-жылга карата бюджетинин божомолу
Москвадагы талибдердин делегациясы

Москва талибдерден афган элине либералдуу мамиле күтөрүн айтты

94
(жаңыланган 19:12 25.10.2021)
Кабуловдун айтымында, аймактык өлкөлөр өкмөттү түзүүдө талибдерден "чечкиндүүрөөк жана батыл кадамдарды" күтүп жатат.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Талибдерде ("Талибан"*) инклюзивдик өкмөттү түзүү боюнча кандайдыр бир мөөнөт боюнча алкак, чектөө жок. Бул тууралуу РФтин Афганистан боюнча атайын өкүлү, ТИМдин Азия департаментинин экинчи директору Замир Кабулов билдиргенин РИА Новости жазды.

"Жок, эч кандай мөөнөт коюлган эмес. Бул "Москва форматынын" милдети да эмес болчу. Биз талибдерге алардын мындан аркы иши жана анын графигин тагуу үчүн чогулган жокпуз, андай эмес", — деген Кабулов "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинде журналисттерге брифинг өткөрүп жатып.

Диломаттын айтымында, аймактык өлкөлөр өкмөттү түзүүдө талибдер "чечкиндүү жана батыл кадамдарды" жасайт деген пикирде.

Кабулов, андан сырткары, Москва талибдерден элге карата либералдуу мамиле кылууну күтө тургандыгын айтты.

"...Жаңы бийликтен биз көбүрөөк либерализмдин жаралышын, ооба, өзүнүн маданий-диний салттарына таянышын, бирок либерализмдин көбүрөөк болушун күтүп жатабыз", — деди Кабулов.

Буга чейин да аталган темада кеп кылган Кабулов Москвадан талибдерге дүйнөлүк коомчулуктун пикирине кулак төшөп, ири алдыда элдин үнүн угуу боюнча айткандарын билдирген.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган уюм

94
Белгилер:
Афганистан, Россия, ТИМ, санкциялар, 'Талибан' кыймылы, Замир Кабулов
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Бишкекте КМШнын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү жолукту. Эмне талкууланды
Москвага талибдердин делегациясы келди