Европалык жана Азиялык ЖМКлардын сегизинчи форуму алдыңкы медиаэксперттердин башын кошот

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүЕвропалык жана Азиялык медиалардын форуму. Архив
Европалык жана Азиялык медиалардын форуму. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Форумдун негизги темасы "Туруксуз дүйнөдөгү бекем өнөктөштүк" болот. Форум постсоветтик өлкөдөгү 14 мамлекеттин медиа-эксперттерин жана журналисттерин бириктирет.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Сегизинчи жолу өткөрүлүп жаткан Европалык жана Азиялык медиалардын форуму (ЕАМФ) 10-ноябрда Москва шаарында өтөт. Аны "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги өткөрүп жатат.

Форум "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселевдун жана "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги менен RussiaToday телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньяндын катышуусундагы жалпы жыйын менен башталат. 

Форумдун негизги темасы "Туруксуз дүйнөдөгү бекем өнөктөштүк" деп аталат. Ал постсоветтик өлкөдөгү 14 мамлекеттин (Азербайжан, Армения, Белоруссия, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Латвия, Литва, Молдавия, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Украина, Эстония) алдыңкы медиа-эксперттери менен журналисттеринин башын бириктирет.

"Россия Сегодня" ЭМА Улуу Жеңиш жөнүндө технологиялардын жардамы менен айтып берет
Форумда күндүн темасы катары түрдүү экономикалык жана саясый процесстер шартында мурдагы СССР мамлекеттериндеги ЖМКлардын өз ара байланышы талкууланат. Иш-чаранын алкагында үч тематикалык талкуу пландалган: "Евразиялык маалымат аймагы: чакырыктар жана тобокелчиликтер", "Медиаиндустрия: аудиторияны жана өз имиджин сактоо" "Туруксуз дүйнөдөгү бекем өнөктөштүк". 

Европалык жана Азиялык медиалардын форуму – постсоветтик аймактагы аналогу жок өзгөчө аянт. Ал КМШ, Балтика жана Грузия мамлекеттеринин эң алдыңкы медиа-эксперттерин топтоп, медиа индустриясындагы өнүгүү процесстери талкууланат. Форум 2006-жылдан тарта өткөрүлөт. Алгачкы төрт жылда форум Москвада өткөн, кийин ал Киев, Астана, Минскиде болгон. 2011-жылы Астанадагы жыйында Казакстан менен Россиянын президенттери Нурсултан Назарбаев менен Дмитрий Медведев кайрылуу жасап, пост советтик аймактагы позитивдүү процесстердин өнүгүшүнө кызыкдар экенин белгилешкен.

2012-жылы Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко аталган жыйындын алкагында журналисттер менен жолуккан. Форум быйыл да ачык диалог жана тажрыйба алмашуу үчүн шарт түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0