Чоочун бирөөнүн Facebook баракчасын 18 ирет колдонгон киши камакка алынды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүү"Фейсбук" логотиби. Архив
Фейсбук логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Япониянын укук коргоо органдары Facebook социалдык тармагында башка адамдын баракчасына мыйзамсыз киргени үчүн япон жаранына айып коюуда.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Япон полициясы Токиодогу компаниялардын биринин кызматкерин соцтармактагы башка бирөөнүн баракчасына мыйзамсыз кирди деген шек менен камакка алды. Бул туурасында жергиликтүү Киодо агенттиги билдирди.

Агенттиктин маалыматына ылайык, шектелген адам Facebook баракчасына башка бирөөнүн атын менен сыр сөзүн 18 жолу пайдаланып кирип турган. Бул Күн Чыгыш өлкөсүнүн мыйзамдарына каршы келгендиктен, мыйзам бузуу болуп эсептелет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0