Европа жана Азия медиаларынын форуму аяктады

© Sputnik / Рамиль СитдиковЕАМФ форуму. Архив
ЕАМФ форуму. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕАМФ — медиаиндустариянын өнүгүшүн божомолдоо жана жалпы көрүнүштөрдү талкуулоо үчүн КМШ, Балтия өлкөлөрү менен Грузиянын алдыңкы медиаэксперттерин чогулткан уникалдуу аянтча болуп саналат.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Москвада өтүп жаткан Европа жана Азия медиаларынын форуму (ЕАМФ) аяктады.

"Туруксуз дүйнөдөгү туруктуу өнөктөштүк" темасына арналган иш-чарага 14 мамлекеттин 70тен ашуун ЖМК жетекчилери катышып, форумду "Россия сегодня" Эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселев менен RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян ачты.

Киселев Батыш жана Россиянын КЭУ менен иштөө айырмачылыгын айтып берди
Форум жүрүшүндө катышуучулар мурунку СССР курамындагы мамлекеттердин ЖМК менен ар кыл саясий жана экономикалык процесстерде өз ара кызматташуусу ортого салынды. Иш-чаранын негизги сессиялары "Евразиялык маалымат айдыңы: чакырыктар жана тобокелчиликтер", "Медиаиндустрия: аудитория жана имиджди сактоо", "Туруксуз дүйнөдөгү туруктуу өнөктөштүк" темаларынын алдында тематикалык талкуу форматында өттү. 

ЕАМФ — медиаиндустариянын өнүгүшүн божомолдоо жана жалпы көрүнүштөрдү талкуулоо үчүн КМШ, Балтия өлкөлөрү менен Грузиянын алдыңкы медиаэксперттерин чогулткан уникалдуу аянтча болуп саналат. 2006-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан иш-чаранын алгачкы төртөө Москвада өтүп, кийинкилери Киев, Астана жана Минск шаарында болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0