Ливандагы терактдан кийин кесепети

Бейруттагы терактынын курмандыктары 43 адамга жетти

44
(жаңыланган 11:52 13.11.2015)
Ар кыл жарат алып, жабыркагандардын саны 240 адамга жетти. Белине жардыргыч байлап алган эки жан кечти эл көп жүргөн Бурдж-аль-Баражна районунда аралыгы жети мүнөт убакыт ичинде эки жардыруу жасашкан.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Ливандын Бейрутунун түштүк жагында жасалган терактыдан курман болгондордун саны 43 адамга жетти деп билдирди өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Ваель Абу Фаур. 

Буга чейин 200 адам жабыркап, 41 адам каза тапты деп кабарлашкан.

Саламаттыкты сактоо министри Ваель Абу Фаур 43 адам курман болуп, 240ы жабыркагандыгын айтты. Ливан министринин сөзүн Рейтер агенттиги таратты. 

Белине жардыргыч байлап алган эки жан кечти Бейруттун түштүк жагындагы эл көп жүргөн Бурдж-аль-Баражна районунда аралыгы жети мүнөт убакыт ичинде эки жардыруу жасашкан. Экинчиси эл жабырлангандарына алгачкы жардамдарды көрсөтүп, күйпөлөктөп жүргөндө жаңырган. 

Ливандын түштүк жагындагы бул шаарда негизинен шииттер жашайт. Кайгылуу окуяны жасагандарды ири саясий партиялардын жана өлкө жетекчилиги, Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы сынга алды. Ливандын өкмөт башчысы бул жуманы трагедияга байланыштуу аза күнү деп жарыялады. 

44
Белгилер:
трагедия, жардыруу, теракт, Бурдж-аль-Баражна, Ливан
Тема боюнча
Лондон: А321 учагында теракт болгон-болбогонун Египет менен Россия гана айта алат
Анкаранын соту журналисттерге теракт жөнүндө маалыматтарды чыгарууга тыюу салды