"Ислам мамлекети" террордук тобу Бейруттагы жардырууну мойнуна алды

© AFP / IZZAT ATTARПоследствия взрыва в столице Ливана.
Последствия взрыва в столице Ливана. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейруттун райондорунда болгон жардыруудан каза болгондордун саны 43 кишиге жетти.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. "Ислам мамлекети" эл аралык террордук тобу Бейрутта болгон жардырууну өз мойнуна алганын Reuters маалымат агенттиги билдирди.

Бейруттагы терактынын курмандыктары 43 адамга жетти
Бейруттун сырт тарабында болгон эки жардыруунун кесепетинен 43 киши каза болуп, 240тан ашык киши жаракат алды. 

"Ислам мамлекети" эл аралык террордук тобу өзүнүн Twitter баракчасы алардын тарапкерлери Бурдж-аль-Бараджне районундагы көчөдөн жарылуучу зат таңылган велосипедди жардырышканын маалымдады. Жанкечтилердин бирөө эл көп чогулган жерде өзүн жардырып жиберген.

Жаңылыктар түрмөгү
0