Сириянын президенти Башар Асад. Архив

Асад: Париж сириялыктар беш жылдан берки жашоосун башынан кечирүүдө

95
(жаңыланган 16:25 14.11.2015)
Сириялык лидер Башар Асад 150гө чукул адамдын өмүрүн алып кеткен терактыларга байланыштуу Франция элине көңүл айтты.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Сириянын президенти Башар Асад Франция беш жылдан бери Сирия аймагында болуп жаткан окуяларды башынан кечирип жатканын билдирди.

"Парижде кечээ сириялыктар беш жылдан бери көрүп келе жаткан жашоону башынан кечирди", — деген президенттин сөзүн Europe 1 радиостанциясы келтирди. Асад бул тууралуу Сирияда франциялык депутаттар менен жолугушуу учурунда айткан. 

Ал Париждеги терактыларга байланыштуу франциялык депутаттарга көңүл айтты.

Жума күнү кечинде бир эле убакта Париждин жети районунда куралдуу кол салуу менен жардыруулар болуп, андан 150гө чукул адам каза болгон: 100дөй киши шаардын "Батаклан" театрындагы террорчуларды кармоо учурунда көз жумган. Дагы ондогон адам шаардын башка аймактарында набыт кеткен. 

Француз парламентарийлеринин жолугушуусу Сирияга болгон сапардын алкагында жүрүүдө. Анда депутаттар ТИМ жетекчиси Валид Муалем жана сирия парламентинин мүчөлөрү менен жолугуша турганын Sputnik агенттигине Улуттук жыйын депутаты Тьери Мариани билдирди.

95
Белгилер:
Сирия, Башар Асад, теракт, депутат
Тема:
Франциядагы ири теракт (20)
Тема боюнча
Париж прокуратурасы терактыдан 128 адамдын өлгөнүн тастыктады
Атайы бөлүктүн ардагери: террористтер Францияга качкын катары кириши мүмкүн
Колбаса азыктары. Архив

Жумасына жарым килограммдан көп жебеш керек. Эттин кооптуулугу эскертилди

11
(жаңыланган 09:57 28.10.2021)
Адис "жаман" майлар туурасында да эске салып, алар майонезде, маргаринде жана чочко майында бар экендигин айткан.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Адам ичегисинин былжыр челин жакшы абалда сакташ үчүн кооптуу деген азыктардан баш тартып койгону дурус. Бул туурасында немец дарыгери Томас Фрилингдин башка басылмаларга айткандарына таянып РИА Новости жазды.

Адис колдон келсе жебей койгондон өтөрү жок деген азыктардын башына кантты койгон. Дарыгер таттуу болгон жерде бактериялардын кайсы бир түрү жакшы көбөйө тургандыгын эскертти. Андан аркы тизмесине туздалган, ышталган тамактар жана колбаса азыктарын кошкон.

"Булар канцероген заттары бар делген тизмедеги тамактардын катарына кирет, ошон үчүн кадимки кызыл этти (балык менен тооктукунан башкасын) да жумасына 500 граммдан ашык жебеш керек", — деген Фрилинг.

Адис "жаман" майлар туурасында да эскертип, алар майонезде, маргаринде жана чочко майында бар экендигин айткан.

Фрилинг пайдалуу азыктарды да санап берген. Биринчи орунда жашылча жана буурчактар турарын, алардын курамында клетчатка сыяктуу азыктар бар экенин айткан. Андан кийинки орунга банан, балык, жемиштердин пюреси, мундир кылып жасалган картошка жана кара нан чыккан.

11
Белгилер:
ден соолук, азык, дарыгер, кеңеш, колбаса, зыяндуу, банан, пайдалуу
Тема боюнча
Диетолог суукта, локдаунда кантип салмак кошпой жүрүүнүн жолун айтып берди
Дарыгер пиязды ашыкча колдонуунун кесепетин айтты
Кыз төшөктө отурат. Иллюстративдик сүрөт

Жакшы жатып жай туруу үчүн эмне жеш керектиги айтылды

34
Ал азыкта уйкунун сапатын жакшырткан триптофан бар. Бул организмге эң негизги эки гормонду — серотонин менен мелатонинди иштеп чыгуу үчүн керек.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Жер жаңгак майы жатар алдында жей турчу пайдалуу азыктардын бири. Бул тууралуу Америкалык диетологдор ассоциациясына шилтеме берип "Известия" жазды.

Жер жаңгак пастасында пайдалуу майлар менен белок бар, алар түнү бою курсакты ток кармайт. Диетологдор бул азыктын эки чай кашыгы эле 7 грамм белок менен 15 грамм пайдалуу май камтый турганын белгилеген.

Изилдөөлөр боюнча жер жаңгактын өзү жаман холестерин менен күрөшүп, жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алат. Ошондой эле Е витамини бар, ал организмде аз болсо уйку начарлайт.

"Жер жаңгакта уйкунун сапатын жакшырткан триптофан бар. Ал организмге эң негизги эки гормонду — серотонин менен мелатонинди иштеп чыгуу үчүн керек", — деген диетолог.

Мындан сырткары, темир, марганец, фосфор жана магний минералдарына бай.

34
Белгилер:
жаңгак, май, уйку, диетолог
Тема боюнча
Диетолог суукта, локдаунда кантип салмак кошпой жүрүүнүн жолун айтып берди
Дарыгер күздөгү уйку басууну кантип жеңсе болорун айтып берди